25-февраль: Кудай сизди улуу сүйүү менен сүйөт!

Jakshy Kabar Media

25-февраль: Кудай сизди улуу сүйүү менен сүйөт!

Жон Пайперден насаат сөз

«Бир кезде мындай адамдардын арасында биз да дененин каалоолорун аткарып, оюбузга келгенди кылып, денебиздин күнөөлүү каалоолору боюнча жашачубуз, башкалар сыяктуу эле табиятыбыз боюнча Кудайдын каарына кала турган адамдардан болчубуз, бирок ырайымга бай Кудай бизге болгон улуу сүйүүсү менен кылмыштарыбыздын айынан өлгөн бизди да Машаяк менен бирге тирилтти (ырайымдын негизинде куткарылдыңар)».

Эфестиктер 2:3-5

Жебирейил периште сизге: «Кудай сени улуу сүйүү менен сүйөт!» – десе, сизге жагат беле?
Даниел пайгамбар ушундай сөздөрдү үч жолу уккан.

  • «Сен сыйына баштаганыңда, мага сөз айтылды, мен аны сага айтканы келдим, анткени сен эң сүйүктүү адамсың. Ошондуктан сөздү дит коюп угуп, көрүнүштү түшүн» (Даниел 9:23).
  • «Даниел, эң сүйүктүү адам! Сага айта турган сөздөрдү түшүн, түз тур, анткени азыр мен сага жиберилдим» (Даниел 10:11).
  • «Коркпо, эң сүйүктүү адам! Сага тынчтык болсун. Кайраттан, кайраттан!» (Даниел 10:19).


Чынын айтсам, мен жыл сайын Ыйык Китепти окуп жатып ушул аяттарга келгенимде, ушул сөздөрдү өзүмө колдонгум келет. Кудай мага да ушинтип: «Сен эң сүйүктүүсүң!» – деп айтышын каалайм.


Чындап эле, Анын ушундай дегенин угам. Сиз да угасыз. Ыйсага ишенсеңиз, Кудай Өзүнүн сөзүндө сизге да ушинтип: «Сен эң сүйүктүүсүң!» – дейт. Бул периштенин оозунан чыккан сөзгө караганда дагы да ишенимдүүрөк.
Мынакей, Эфестиктерге жазылган катта ушундай айтылат: «Бир кезде мындай адамдардын арасында биз да дененин каалоолорун аткарып, оюбузга келгенди кылып, денебиздин күнөөлүү каалоолору боюнча жашачубуз, башкалар сыяктуу эле табиятыбыз боюнча Кудайдын каарына кала турган адамдардан болчубуз, бирок ырайымга бай Кудай бизге болгон улуу сүйүүсү менен кылмыштарыбыздын айынан өлгөн бизди да Машаяк менен бирге тирилтти… Силер ырайымдын негизинде, ишеним аркылуу куткарылдыңар» (Эфестиктер 2:3-5, 8).


Пабыл ушул жерде гана «улуу сүйүү» деген сөздөрдү колдонот. Бул сөздөр периштенин сөздөрүнөн да жакшыраак. Эгерде сиз Ыйсаны чындык деп эсептеп, Аны өзүңүздүн эң кымбат казынаңыз катары кабыл алган болсоңуз, эгерде сиз «тирилтилген» болсоңуз, анда Кудайдын улуу сүйүүсүнө ээсиз. Ааламдын Жаратуучусу сизди улуу сүйүү менен сүйөт. Бул канчалык укмуш! Кудай сизди улуу сүйүү менен сүйөт!

«Кудай сизди улуу сүйүү менен сүйөт» аттуу насааттан үзүндү