24-февраль: Кудай жүрөктү ачат

Jakshy Kabar Media

24-февраль: Кудай жүрөктү ачат

Жон Пайперден насаат сөз

«Алардын арасында Тиатира шаарынан келген, кочкул кызыл кездеме менен соода кылган Лидия деген аял айтылып жаткан сөздөрдү угуп отурган. Ал Кудайды урматтаган аял эле. Пабылдын айткан сөздөрүн түшүнүшү үчүн, Теңир анын жүрөгүн ачты».

Элчилердин иштери 16:14

Пабыл кайсыл жерде гана жакшы кабар таратпасын, кээ бир адамдар ишенип калса, башкалары ишенген эмес. Күнөөлөрүнүн жана кылмыштарынын айынан өлүк болгон (Эфестиктер 2:1, 5) адамдардын кээ бирлери ишенсе, башкалары ишенбегенинин себебин кандай түшүнсөк болот?

Кээ бир адамдардын ишенбегенинин себеби мындай: алар жакшы кабарды «четке кагышкан» (Элчилердин иштери 13:46), себеби алар жакшы кабарды «акылсыздык деп эсептейт…түшүнө албайт» (1 Корунттуктар 2:14). Күнөөкөр акыл «Кудайга каршы кастык кылат, себеби ал Кудайдын мыйзамына баш ийбейт, баш ие да албайт» (Римдиктер 8:7).

Жакшы кабарды уккан жана четке каккан адамдар «жарыкты жек көрүп, кылган жаман иштери ашкереленбеши үчүн, жарыкка келбейт» (Жакан 3:20). Алар жүрөктөрүнүн катууланганынын айынан, түркөй болуп, акылы караңгыланган бойдон кала берет (Эфестиктер 4:18). Алар өз түркөйлүгү үчүн айыптуу. Себеби аларда чындыкты таанып билүү мүмкүнчүлүгү бар. Бирок алар чындыкты адилетсиздик менен басып турушат (Римдиктер 1:18).

Бирок алардын баары ушундай жүрөгү катууланган, баш ийгиси келбеген, кылмыштарынын айынан өлүк абалда болсо, эмне үчүн алардын кээ бирлери ишенип калат? Элчилердин иштери китеби буга эң кеминде үч жооп берет. Биринчиден, алар ишенип калышы үчүн тандалган. Пабыл Писидия дубанынын Антийохея шаарында жакшы кабар таратканда, бутпарастар аны кубаныч менен кабыл алышкан жана «түбөлүк өмүргө ээ болууга тандалгандардын бардыгы» Ыйсага ишенип калышкан (Элчилердин иштери 13:48).

Алардын кээ бирлеринин ишенип калганынын дагы бир себеби Кудай аларга тобо кылуу жөндөмүн бергендигинде. Иерусалимдеги ыйыктар жүйүттөр эле эмес бутпарастар да жакшы кабарга ишенип жатканын угушканда: «Кудай бутпарастарды да тобо кылдырып, түбөлүк өмүргө ээ кылып жаткан турбайбы», – дешкен (Элчилердин иштери 11:18).

Бирок адам эмне үчүн ишенип калганынын Элчилердин иштери китебиндеги эң так жообу мындай: Кудай адамдын жүрөгүн ачат. Лидия буга эң жакшы мисал боло алат. Ал эмне үчүн ишенип калган? Элчилердин иштери китеби буга: «Пабылдын айткан сөздөрүн түшүнүшү үчүн, Теңир анын жүрөгүн ачты», – деп жооп берет (16:14).

Эгерде сиз Ыйсага ишенсеңиз, анда сиз ушулардын баарын башыңыздан өткөргөнсүз: Кудай сизди ишенсин деп тандап алган, сизге тобо кылуу жөндөмүн берген жана Теңир сиздин жүрөгүңүздү ачкан. Мындан кийинки жашооңузду сизди ишенүүчү кылган ушул кереметке таң калып, ыраазычылыкка толуп-ашкан жүрөккө ээ болуп жашашыңыз керек.

«Өмүрдүн Теңири кандайча өмүр берет» аттуу насааттан үзүндү