23-февраль: Адаттагыдан башкача коркунуч жаралган саат

Jakshy Kabar Media

23-февраль: Адаттагыдан башкача коркунуч жаралган саат

Жон Пайперден насаат сөз

««Эгерде Машаяктын ысымы үчүн кордолуп жатсаңар, анда бактылуусуңар. Анткени даңк Руху – Кудайдын Руху силерде».

1 Петир 4:14

Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү көптөгөн машаякчылар Машаякка ишенүү өмүргө коркунуч туудурарын билишпейт. Биз мындай куугунтуктун жоктугуна көнүп, жашоо ушундай болушу керек деп ойлоп калдык.

Ошондуктан тынч жашообузду бузган коркунуч жаралганда, көп учурда биз алгач ачууланып баштайбыз. Бирок бул ачуулануу биз бул дүйнөдө жолоочу жана келгин экенибизди унута түшкөнүбүздүн белгиси болушу мүмкүн. «Сүйүктүү бир туугандар, силер бул дүйнөдө жолоочу жана келгинсиңер». (1 Петир 2:11).

Балким, биз бул дүйнөгө өтө эле терең отурукташып алгандырбыз. Пабылдай болуп Машаякты сагынбаган чыгарбыз. Анткени ал мындай дейт эмеспи: «Ал эми биздин мекенибиз асманда. Асмандан Куткаруучубузду – Теңирибиз Ыйса Машаякты күтүп жатабыз» (Филипиялыктар 3:20).

Төмөнкүдөй эскертүү биздин көпчүлүгүбүзгө керек: «Сүйүктүү бир туугандар, сыналышыңар үчүн жиберилип жаткан оттуу сыноону жат нерсе катары өгөйлөбөгүлө» (1 Петир 4:12). Мындай сыноо жат нерсе эмес.

Өлүм коркунучу туулса эмне кылам деп ойлонуп көрдүңүз беле? Куралчан адам сизди көзүнө илип: “Сен машаякчысыңбы?” – деп сураса, эмне кыласыз? Ошондо сиз өзүңүз ойлогондон да жакшы чечим чыгара аларыңызга үмүт бере турган төмөнкү сөзгө көңүл буруңуз.

Петир мындай дейт: «Эгерде Машаяктын ысымы үчүн кордолуп жатсаңар, анда бактылуусуңар. Анткени даңк Руху – Кудайдын Руху силерде» (1 Петир 4:14). Петирдин бул шыктандыруусун мындай түшүнүү керек: адаттагыдан башкача коркунуч туулган учурда (кемсинтүү болобу же өлүм болобу) биздин үстүбүздө «даңк Руху- Кудайдын Руху» болот. Бул Ыйсанын шакирттери болгону үчүн азап чеккендерге Кудай оор кырдаал жаралган сааттарда өзгөчө жардам берет дегенди билдирет эмеспи!

Муну менен мен башка азап-кайгыларыбызда Ыйса жардам бербейт деген ойду айткым келбейт. Мен жөн гана айтайын дегеним, Петир «Машаяктын ысымы үчүн» кордолуп жаткан адамдарда даңк Руху – Кудайдын Руху өзгөчө деңгээлде болот деген оюн болгон аракети менен жеткиргенге аракет кылган.

Сизге да сыноо келгенде, үстүңүздө даңк Руху – Кудайдын Руху болсун деп сыйыныңыз. Ошондо сиз башка убактарда болуп көрбөгөн өзгөчө чыдамдуулук берген күчкө ээ болосуз. Кайраттаныңыз!

«Акыркы сааттагы тынчтык» аттуу насаат сөздөн үзүндү