22-февраль: Андагы толуктуктан ырахат алуу

Jakshy Kabar Media

22-февраль: Андагы толуктуктан ырахат алуу

Жон Пайперден насаат сөз

«Андагы толуктуктан бардыгыбыз ырайым үстүнө ырайым кабыл алдык».

Жакан 1:16

Мурунку жекшемби күнү кызмат башталардын алдында сыйынуучу ыйыктардын кичинекей тобу биздин элибиздин ишеними, эгиз шаарлардын жыйындары жана элдер үчүн күрөшүп, катуу сыйынып жаткан. Бир маалда топтон бирөөсү мындай деп сыйынды:

«Сөз адам болуп, биз менен жашап турду. Биз Анын даңкын, Атанын жалгыз Уулунун даңкын көрдүк. Ал ырайымдуулук менен акыйкатка толо эле. Андагы толуктуктан бардыгыбыз ырайым үстүнө ырайым кабыл алдык» (Жакан 1:14, 16).

Бул мен үчүн чоң ачылыш алган бир учур болду. Ошол учурда «толуктук» (Андагы толуктуктан) деген сөз мага өзгөчө таасир берген толуктукту билдирерин Кудай ачып берди. Мен Машаяктын толуктугу деген сөз чындыгында эмнени билдирерин сездим.

Мен чындап эле ушул толуктуктан ырайым үстүнө ырайым алганым укмуш экенин кандайдыр бир деңгээлде сезе алдым. Мен ошол учурда ырайымдын үстүнө ырайым алып жаттым. Дал ошол учурда кечке чейин жөн гана Анын бутунун алдында отургандан же Ыйык Китебимди окуп, Анын толуктугу ашып-ташып тургандыгын сезүүдөн өткөн сонун эч нерсе жок экенин мен сездим.

Эмне үчүн мындай толуктук мага ушунчалык катуу таасир этти жана эмне үчүн ушул убакка чейин мага адаттагыдан башкача таасир этип жатат? Мунун кээ бир себептери төмөнкүдөй:

  • Мени өзүнүн толуктугу менен ырайымга сугарып жаткан нерсе – бул Кудай менен болгон жана Кудай болгон Сөз (Жакан 1:1-2), ошондуктан Андагы толуктук Кудайдын толуктугу. Ал эми Кудайдын толуктугу чексиз толуктук;
  • бул Сөз биздикине окшош денеге ээ болуп, биздей адам болуп калды жана Өзүнүн толуктугу менен бизге жеткенге аракет кылды. Бул – биз жете алган толуктук;
  • бул Сөз адам кейпинде келгенде, Анын даңкы – даңктуу толуктугу көрүндү;
  • бул Сөз «Атанын жалгыз Уулу» болгон (Жакан 1:14), демек Кудайдын толуктугу мага Кудайдан гана эмес, Кудай аркылуу берилди – Кудай Өзүнүн толуктугун жеткирүү үчүн периштесин эмес, жалгыз Уулун жиберген;
  • Уулдун толуктугу – бул ырайымдын толуктугу. Демек, мен бул толуктукка чөгүп кетпейм (зыян тартпайм), бирок ушул толуктук аркылуу ар тараптан баталуу болом;
  • бул толуктук ырайымдын гана эмес, чындыктын толуктугу. Демек, мага чындыкты көз жаздымында калтырган жалган ырайым берилген жок; бул ырайым түп-тамырынан бери таштай бекем чындыкка негизделген.

Ошондуктан Машаяктын толуктугуна айран таң калып, толук кубанычка бөлөнгөнүмө таң калбай эле койсок болот!

«Андагы толуктуктан бардыгыбыз ырайым үстүнө ырайым кабыл алдык» аттуу насаат сөздөн үзүндү.