21-февраль: Ыйса бизге кызмат кылат

Jakshy Kabar Media

21-февраль: Ыйса бизге кызмат кылат

Жон Пайперден насаат сөз

«Анткени Адам Уулу да Өзүнө кызмат кылдыруу үчүн эмес, тескерисинче, Өзү кызмат кылуу үчүн, Өз жанын берип, көптөрдү куткаруу үчүн келген».

Марк 10:45

Ыйса жер үстүндө жашап жүргөндө гана Өзүнүн элине кызмат кылбастан, кайтып келгенде да бизге кызмат кылат. «Кожоюну келгенде, уктабай отурган кулдар бактылуу. Силерге чындыкты айтып коёюн, ал белин курчап алып, кулдарын дасторконго отургузат да, жакын келип, аларга кызмат кылат» (Лука 12:37). Ал кайра кайтып келгенде эмне кыла турганын ушундай сүрөттөйт.

Бул эле эмес, Ал азыр да бизге кызмат кылат. «Кудай Өзү: “Сени калтырбайм жана таштабайм”, – деп айткан. Ошондуктан биз: “Теңир менин жардамчым, ошондуктан мен коркпойм, адам мага эмне кыла алат?” – деп, чечкиндүүлүк менен айта алабыз» (Эврейлер 13:5-6).

Машаяк азыр жана түбөлүккө Өз элинин кызматчысы болот деп айтсак, Анын кадыр баркын түшүргөн болуп калбайбызбы? Эгерде кызматчы деген сөз «буйруктарды аткарган адам» дегенди билдирсе же болбосо биз өзүбүздү Анын кожоюну деп эсептесек, анда Анын кадыр-баркын түшүргөн болуп калмакпыз. Аны урматтабаган болуп калмакпыз. Бирок өзүбүздүн алсыз жана Анын жардамына муктаж экенибизди айтсак, анда Ага урмат көрсөтпөгөн болбойбуз.

Жалгыз Ал гана бизге эң керектүү нерсени берип, бизге кызмат кыла алат деп айтсак, Ага урмат көрсөтпөгөн болбойбуз. Ал сүйүүнүн түгөнбөс булагы деп айтсак, Ал бизге канчалык көп жардам берсе, биз Анын кызматына ошончолук көбүрөөк көз каранды болобуз жана Ал бизди камсыз кылган нерселер ошончолук укмуш көрүнөт деп айтсак, Аны урматтабаган болбойбуз. Ошондуктан биз: «Ыйса Машаяк тирүү жана бизге кызмат кылат!» – деп чечкиндүүлүк менен айта алабыз.

Ал тирүү жана бизди куткарат. Ал тирүү жана бизге керек болгон нерселерди берет. Ага ушундай болгон жагат.

Биздин түйшүктөрүбүз Ал үчүн оор жүк эмес. Ага кубаныч тартуулаган нерсе – бизге оор жүк жүктөө эмес, биздин жүгүбүздү көтөрүү. Ага «Теңирден үмүт кылгандар үчүн» иштеген абдан жагат (Ышайа 64:4). Ал «Өзүнүн ырайымына үмүттөнгөндөргө ыраазы болот» (Забур 146:11). «Теңир Өзүнө жүрөгүн толугу менен берген адамдарды колдош үчүн, бүт жер жүзүн карап турат» (2 Жылнаама 16:9).

Ыйса Машаяк Өзүнө таянгандардын баарына Өзүнүн кудуреттүү кызматын көрсөткөнгө абдан куштар.

«Ыйса Машаяк бизге кызмат кылуу үчүн тирүү» аттуу насааттан үзүндү