20-февраль: Кайра тирилүүгө суктануу

Jakshy Kabar Media

20-февраль: Кайра тирилүүгө суктануу

Жон Пайперден насаат сөз

«Сүйүктүү бир туугандар, силерге мен экинчи катымды жазып жатамын. Эки катымдагы эскертүүлөрүм менен силерди туура ой жүгүртүүгө чакырууга аракет кылдым».

2 Петир 3:1

Пасах майрамы (Ыйса тирилген күн) жакындаган сайын, Ыйсанын кайра тирилишине болгон ыраазычылыгыбызды, кубанычыбызды, суктануубузду жана таң калуубузду арттырып, Анын тирилишинин биз үчүн болгон мааниси жөнүндө ойлонолу. Биз күнөөкөр табиятка ээ болгондуктан, качандыр бир убакта бизди катуу толкунданткан нерселер бара-бара өз баркын жоготуп коёт. Бирок чындык өзгөрбөйт. Биз өзгөрөбүз.

Мына ушул себептен бизде Ыйык Китеп бар. Петир өзүнүн эки катын ишенүүчүлөрдү чындыкты «эске салуу» аркылуу «ойготуп туруу» үчүн жазганын айтат.

Ошондуктан, келиңиз, чындыкты эстеп, өз акылыбызды туура ой жүгүртүүгө чакыралы.

Ыйсанын өлгөндөрдөн тирилиши аркылуу Кудай эмнени ишке ашырды? Ыйык Китеп буга төмөнкүдөй жоопторду берет.

  1. Ыйса кайра тирилгендиктен, биз жогорудан төрөлүп, тирүү үмүткө ээ болуп калдык.

«Теңирибиз Ыйса Машаяктын Кудайы жана Атасы даңкталсын! Анткени Ал Ыйса Машаякты өлгөндөрдүн арасынан тирилтүү аркылуу бизге тирүү үмүт берүү үчүн… [кайрадан төрөлттү]» (1 Петир 1:3).

2. Ыйса кайра тирилгендиктен, азыр даңкка ээ. Биз ошол даңк үчүн жаралганбыз. Биздин маңдайыбызга жазылган эң башкы нерсе (тагдыр) – Анын толук даңкын көрүү.

«Кудай Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилтип даңктады» (1 Петир 1:21).

«Эми Мени Сен Өз ичиңде даңкта, Ата! Мени дүйнө жаратыла электен мурун эле Сенин ичиңде ээ болгон даңкыма бөлө… Ата! Сенин Мага бергендериң да Мен болгон жерде Мени менен бирге болушун жана Мага берген даңкыңды көрүшүн каалайм. Анткени Сен Мени дүйнө жаратыла электе эле сүйчүсүң» (Жакан 17:5, 24).

Кайра тирилген Теңирибиз Ыйса сиздин акылыңызды туура ой жүгүрткөнгө ойготуп жана козгоп, Ага болгон табынуунун, ишенимдүүлүктүн жана кубанычтын жаңы тереңдиктерин таанытсын.

«Ыйсанын кайра тирилишинин ушул натыйжалары сиздин Аны бардык нерселерден жогору коюу каалооңузду кайра жандандырсын» аттуу насааттан үзүндү