19-февраль: Өлүмгө дуушар кылган суук

Jakshy Kabar Media

19-февраль: Өлүмгө дуушар кылган суук

Жон Пайперден насаат сөз

«Өз сөзүн жерге жөнөтөт. Анын сөзү тез тарайт».

Забур 147:4

Бүгүн түндө биздин ашканабыздагы муздаткычтын (тоңдургучтун) ичинде сыртка караганда кырк градус жылуураак болот. Эртең эң кеминде -20 градус суук болот. Мындай суукту бизге Теңир Өзү жиберет:

Өз сөзүн жерге жөнөтөт.
Анын сөзү тез тарайт.
Жүнгө окшогон кар жаадырат,
күлгө окшогон бубак себет.
Өз мөндүрүн бүртүк-бүртүк кылып жаадырат,
Анын аязына ким чыдай алат?
Өз сөзүн жөнөткөндө, бардыгы эрийт.
Шамалын айдаганда, суулар агат.
(Забур 147:4-7)

Мындай суук менен ойнобош керек. Ал адамды өлтүрөт.

Мен Миннесотадан Түштүк Каролинага келгенимде, суукка жараша жылуу кийинип алган элем. Бирок унаам кокусунан бузулуп кала турган болсо, сууктан аман калганга жардам берген нерселерди даярдап алган эмес элем.

Бир жекшемби күнү кечинде жыйындан үйгө ушундай суукта бара жатканыбызда, унаам бузулуп калды. Ал убакта уюлдук телефондор жок эле. Унаада жубайым жана эки жаш балам бар эле.

Жолдо эч кимдин карааны көрүнбөдү. Ошондо капысынан кооптуу абалга кабылганыбызды түшүндүм.

Көп өтпөй кооптуу жагдайга кабылдык. Жардамга эч ким келген жок.

Анан алыстан бир тосмонун ары жагында жайгашкан бир үйдү байкадым. Мен ата болгондуктан, үй-бүлөм үчүн жоопкерчиликтүү адам катары тосмодон ашып өтүп, ошол үйгө чуркап барып, эшикти каккыладым. Ээлери үйүндө экен. Аларга унаамда жубайым менен эки кичинекей балам бар экенин түшүндүрдүрүп, үйүнө киргенге уруксат беришин сурандым. Анан алар эшигин ачышты.

Мындай суук менен ойногонго болбойт.

Бул аркылуу да Кудай бизге сүйлөп: «Ысыкта болобу же суукта болобу, бийиктикте болобу же тереңдикке болобу, курч нерсе болобу же мокок нерсе болобу, үнү катуу чыккан нерсе болобу же акырын чыккан нерсе болобу, жарык болобу же караңгылык болобу… Мени жеңил ойлуулук менен кабыл алба. Мен Кудаймын. Булардын баарын Мен жараткам. Жайындагы жылуу жел, назик жааган жаан, ай шооласы төгүлгөн түндөр, көлдүн жээгиндеги толкундар, талаадагы лилия гүлдөрү жана асмандагы канаттуулар сыяктуу эле, бул нерселер да Мен жөнүндө айтып берет», – дейт.

Бул суук күн бизге Кудайдын сөзүн айтат. Теңир бизге ал сөздү сезгенге жука тери жана укканга кулак берсин.

«Ойнобош керек болгон суук» аттуу насааттан үзүндү