18-февраль: Сиз өлбөс адамсыз!

Jakshy Kabar Media

18-февраль: Сиз өлбөс адамсыз!

Жон Пайперден насаат сөз

«Таң атканда бир нече жүйүт өз ара сүйлөшүп, Пабылды өлтүрмөйүнчө, эч нерсе жебөөгө жана ичпөөгө ант беришти».

Элчилердин иштери 23:12

Пабылды өлтүрмөйүнчө эч нерсе жебөөгө ант берген курсагы ач адамдар жөнүндө эмне десек болот?

Алар жөнүндө мындай деп жазылган: «Таң атканда бир нече жүйүт өз ара сүйлөшүп, Пабылды өлтүрмөйүнчө, эч нерсе жебөөгө жана ичпөөгө ант беришти» (Элчилердин иштери 23:12). Бирок алардын иши оңунан чыкпады. Эмне үчүн? Себеби ага чейин болбошу керек болгон бир нече окуя болду.

Алардын арам оюн бир жаш бала угуп калды.
Ал бала Пабылдын эжесинин баласы эле.
Бала эр жүрөктүк кылып, Пабылды коргогон Римдик жүз башыга барып айтты.
Жүзбашы анын сөзүн олуттуу кабыл алып, аны миң башыга алып барды.
Миң башы анын сөзүнө ишенип, Пабылды алып бара турган жерге аман-эсен жеткирүү үчүн, «эки жүз жөө аскерди, жетимиш атчанды жана эки жүз аткычты» даярдады.
Бул окуялардын болуу ыктымалдуулугу өтө аз эле. Таң калыштуу. Бирок дал ушундай болду.

Пабылга кол салуу үчүн курсагы ач жашынып жаткан адамдар эмнени байкабай калган эле? Алар өз арам оюн ишке ашырардан мурун Пабылга эмне болгонун эске албай коюшкан эле. Теңир түрмөдө жаткан Пабылга келип: «Кайраттан, Пабыл, анткени Иерусалимде Мен жөнүндө кандай күбөлөндүрсөң, Римде да ошондой күбөлөндүрүшүң керек», – деген эле (Элчилердин иштери 23:11).

Машаяк Пабылдын Римге бара турганын айткан. Анын чечими өзгөрүлгүс эле. Эч бир буктурма Машаяктын убадасын болтурбай коё алмак эмес. Римге жетмейинче, Пабыл өлбөс болгон. Ал жерде ал Машаяк жөнүндө акыркы жолу күбөлөндүрүшү керек эле. Ошондуктан Машаяк Пабылдын аны аткарышы үчүн кам көрмөк.

Сиздин да айта турган акыркы күбөлөндүрүүңүз бар. Аны айтмайынча, сиз да өлбөс адамсыз.

«Машаякка эч нерсе каршылык көрсөтө албайт» аттуу насааттан үзүндү