17-февраль: Кудайдын иштери кандай сонун!

Jakshy Kabar Media

17-февраль: Кудайдын иштери кандай сонун!

Жон Пайперден насаат сөз

«Бирок мени энемдин курсагында жатканда эле тандап алып, Өзүнүн ырайымы менен чакырып алган Кудай… мага Өзүнүн Уулун ачып берүүнү ылайык тапты».

Галатиялыктар 1:15-16

Пабылдын Ыйсага ишенип калуусунун, муну ишке ашырган Машаяктын кудуреттүү бийлигинин жана Пабылдын күнөөлөрүнүн сиздин куткарылууңузга кандай тиешеси бар экени жөнүндө ой жүгүртүп көрүңүз.

Пабыл айткандай, Кудай аны төрөлө электе эле тандап алган, андан соң көп жыл өткөндөн кийин Дамаскка бара жаткан жолдо «Өзүнүн ырайымы менен чакырып алган» (Галатиялыктар 1:15). Демек, Пабыл төрөлгөндөн баштап Дамаскка бара жаткан жолдогу окуяга чейинки аралыкта Кудайдын эбак эле тандалган бирок али чакырыла элек куралы болгон (Элчилер иштери 9:15; 22:14).

Демек, Пабыл машаякчыларды уруп-сабаганда, түрмөгө отургузганда жана өлтүргөндө,
Кудайдын тандалган жана көп өтпөй машаякчы жакшы кабар таратуучусу боло турган адам катары ушундай кылган.

«Жолдо мындай окуя болду: чак түштө, Дамаскка жакын калганымда, күтүлбөгөн жерден асмандан бир чоң жарык түшүп, айланамды жаркыратты. Мен жерге жыгылдым. Анан “Шабыл, Шабыл! Эмне үчүн сен Мени кубалап жатасың?” деген үндү уктум» (Элчилер иштери 22:6-7).
Пабыл Кудайдын буйругунан баш тартып, качып кеткенге аракет кылган эмес. Ал төрөлө электе эле, Кудай аны ушул үчүн тандап алган эле. Эми ал муну кабыл алышы керек эле. Машаяктын сөзүндө эң чоң бийлик болгон. Аны менен талашып-тартышуу мүмкүн эмес эле.
«Ордуңан туруп, Дамаскка баргын, сен кыла турган иштердин бардыгы сага ошол жерде айтылат» (Элчилер иштери 22:10).
Дамаскка бара жаткан жол Кудай Өзүнүн ондогон жылдарга созулган майнапсыз ишинин натыйжасында акыры Пабылды куткарып, Машаякка ыктыярдуу түрдө баш ийдирген жер болгон эмес. Такыр андай эмес. Кудай өз убагында (ал төрөлө электе) аны тандаган жана өз убагында (Дамаскка бараткан жолдо) аны чакырган. Кудай чакырган жана ал чакырык Пабылды моюн сундурган.


Ошондуктан Пабылдын төрөлгөндөн баштап чакырылганга чейинки аралыкта күнөөлөрдү кылышына Кудай уруксат берген жана алар Анын планынын бир бөлүгү болгон. Антпесе Кудай аны эртерээк чакырып алмак.


Кудай кандай максат менен ал күнөөлөргө жол бергенин деги түшүнө алабызбы? Албетте. Кудай бизди деп алардын жасалышына уруксат берген. Кудай ырайым кыла албай турганчалык күнөө кылып койбодумбу деп корккон ар бир адам үчүн ушундай кылган. Пабыл сизге үмүт берүү үчүн, өзүнүн күнөөлөрү жөнүндө мындай дейт:


«Мен мурда Кудайга тил тийгизгем, Ыйсага ишенгендерди куугунтуктагам, кордогом, бирок мага ырайым кылынды… Ыйса Машайакка ишенип түбөлүк өмүргө ээ боло тургандарга үлгү кылып көрсөтүү үчүн, Ал Өзүнүн чыдамдуулугун алгач мага көрсөтүп, мага ырайым кылды» (1 Тиметей 1:13, 16).


Оо, Өзүнүн кудуреттүү бийлиги менен жүрөгү катып калган жана үмүтү өчкөн күнөөкөрлөрдү куткарган Кудайдын долбоорлору кандай сонун!

«Кудайдын кудуреттүү бийлиги: Пабылдын ишенип калуусу» аттуу насааттан үзүндү