16-февраль: Тил алуу мүмкүн эместей сезилгенде

Jakshy Kabar Media

16-февраль: Тил алуу мүмкүн эместей сезилгенде

Жон Пайперден насаат сөз

«Ыбрайым сыналганда, ишеними аркылуу Ыскакты Кудайга курмандык катары алып келди».

Эврейлер 11:17

Көпчүлүгүбүз үчүн азыркы учурда Кудайдын тилин алсак, кыялдарыбыз ойрон болчудай сезилип жаткан болушу мүмкүн. Башкаларыбыз үчүн келечекте ошондой убак болушу мүмкүн. Кудайдын Сөзү же Кудайдын Руху сизди эмнеге чакырып жатса, ошону кыла турган болсоңуз, анын кесепетинде бактысыз боло тургандай жана Кудайдын аны жакшылыкка айлантышы мүмкүн эместей сезилиши мүмкүн.

Балким, азыр Кудай сизге никелүү бойдон же бойдок бойдон калууну же азыркы жумушуңузда иштей берүүнү же аны таштоону же сууга чөмүлдүрүлүүнү же чогуу иштегендериңизге Ыйса жөнүндө ачык айтууну же өзүңүздүн чынчылдык принциптериңизге каршы иш жасоодон баш тартууну же күнөө кылып жаткан адамды ашкерелөөнү же жаңы жумуш баштоону же башка элге жакшы кабар таратуучу болууну осуяттап жаткандай болушу мүмкүн. Анан Кудайдын чакырыгын өзүңүздүн чектелүү акылыңыз менен таразалаганыңызда, ага баш ийүү коркунучтуу көрүнүшү мүмкүн. Өзүңүздү жалгыз мураскери жана уулу Ыскакты курмандыкка чалганга чакырылган Ыбрайымдай сезишиңиз мүмкүн.

Адамдык көз карашыңыз менен бул чакырыкты бардык тараптан изилдеп чыгып, ал такыр жакшылыкка алып барбайт деп ойлоп жаткан болушуңуз мүмкүн.

Эми сиз Ыбрайым өзүн кандай сезгенин түшүнө аласыз. Ыйык Китептеги ал жөнүндөгү баян сизге тиешелүү.

Кудай, Анын жолдору жана Анын осуяттары сиз үчүн бардык нерседен жогорубу? Ал Өзүн сиздин Кудайыңыз деп атагандан уялбай, сизди ишенимиңиз жана тил алчаактыгыңыз үчүн урматтай турганына ишенесизби? Ал Өз акылмандыгы, күчү жана сүйүүсү менен сиздин тил алуу менен тандаган сапарыңызды өмүргө жана кубанычка толтура турганына ишенесизби?

Сиз туш болгон оор суроо ушул: Сиз Кудайды эңсейсизби? Алдыда Ага таянасызбы? Кудайдын сөзү сизге мындай дейт: Кудай буга татыктуу жана Кудай кудуреттүү.

«Жер жүзүндө сүргүндө жүргөндөрдүн үмүтү» аттуу насааттан үзүндү