15-февраль: Голгофада көрсөтүлгөн чыныгы сүйүү

Jakshy Kabar Media

15-февраль: Голгофада көрсөтүлгөн чыныгы сүйүү

Жон Пайперден насаат сөз

«Ал биз үчүн Өз жанын бергендиктен, сүйүүнүн кандай болорун билдик».

1 Жакан 3:16

Машаяк Өз сүйүүсү менен биз үчүн атайын азап чеккен жана атайын өлгөн. Ал биз үчүн билип туруп Өз өмүрүн берген. Бул – сүйүү.

«Ыйса Өзүнүн бул дүйнөдөн кетип, Атасына бара турган убагы келип калганын билчү. Ал бул дүйнөдөгү Өзүнүн адамдарын сүйдү, аларды акырына чейин сүйдү» (Жакан 13:1).

Машаяк Голгофадагы ар бир кадамы менен: «Мен сени сүйөм», – деп айткысы келген.

Ошондуктан Машаяктын Өз өмүрүн бергендеги сүйүүсүн сезсек, Машаяк аны толугу менен Өз ниети менен көрсөткөнүн түшүнө алабыз.

Петир күч колдонуп, башкы ыйык кызмат кылуучунун кулунун башын бөлө чапканга аракет кылып, анысы ишке ашпай, анын кулагын гана шылый чапкан маалда Ыйса эмне дегенин байкаңыз.

Ошондо Ыйса ага мындай деди: «Кылычыңды кынына сал. Кылыч көтөргөндүн баары кылычтан өлөт. Же, эмне, Атамдан азыр жардам сурап ала албайт деп ойлойсуңбу? Ал Мага он эки түмөндөн көп периштени жиберер. Ушундай болуш керек экендигин билдирген Ыйык Жазуулар анда кантип аткарылмак?» (Матай 26:52-54).

Ыйсанын өлүмү ийне-жибине чейин Байыркы Келишимде алдын ала сүрөттөлгөнү чын. Бирок дал ошол Ыйык Жазуулар аткарылышы үчүн, Ыйса Өзү чын ниет менен чечимдерди кабыл алганы ого бетер чын.

Ыйса «Бирок анда (Мен кутулуп кетсем) кантип Ыйык Жазууда ушундай болуш керек деген сөз аткарылат?» деген сөздөрү менен билип туруп ошондой чечимдерге барганын айткан (Матай 26:54; КИ).

Башкача айтканда, Ал мындай деген: Мен башка жолду тандап, кутулуп кетсем болмок, бирок андай кылбайм, себеби Мен Ыйык Жазуулар эмне дегенин билем. Менин элим куткарылышы үчүн, кандай иш аткарылышы керектигин билем. Кудайдын Сөзүндө Мен жөнүндө жазылган пайгамбарчылыктарды Мен Өз чечимим менен ишке ашырам. Өз чечимим менен Өз элимди аягына чейин сүйөм жана ар бир кадамды Өз чечимим менен таштайм. Элдин ушуну сезип, өзүнүн толугу менен коопсуз жана эркин экенин жана бул дүйнөдөн таптакыр башкача болушун каалайм.

«Машаяктын сүйүүсүнүн күчтүүлүгү жана Анын чын ниет менен өлүшү» аттуу насааттан үзүндү