14-февраль: Машаяк – түпкү максат жана аны ишке ашыруучу

Jakshy Kabar Media

14-февраль: Машаяк – түпкү максат жана аны ишке ашыруучу

Жон Пайперден насаат сөз

«Азыр мен жашап жаткан жокмун, менин ичимде Машаяк жашап жатат. Ал эми азыркы денедеги жашоомду айта турган болсом, мени сүйгөн жана менин ордума Өзүн курмандык кылган Кудай Уулуна болгон ишеним менен жашап жатам».

Галатиялыктар 2:20

Кудай ааламды эмне үчүн жараткан жана эмне үчүн Ал аны азыркыдай башкарып жатат? Кудай кандай максатты ишке ашырып жатат? Ыйса Машаяк ушул максатты ишке ашыруучубу же ишке ашкан максаттын аягындагы нерсеби?

Ыйса Машаяк – Кудайдын эң жогорку аяны. Ал – адам болуп келген Кудай. Ошондуктан Ал – каражат эмес, түпкү максат.

Ааламдын маңызы Кудайдын даңкын чыгаргандыкта. Кудай ушул максатты ишке ашырып жатат. Асман жана дүйнөнүн тарыхы «Кудайдын даңкы жөнүндө баяндап жатат».

Бирок Ыйса Машаяк зарыл болгон бир ишти ишке ашырыш үчүн жиберилген. Ал күнөөгө батуунун кесепетин жоюу үчүн келген. Өз күнөөлөрүнүн айынан жок болуудан качып кутула албаган күнөөкөрлөрдү куткаруу үчүн келген. Ушул куткарылгандар Кудайдын даңкын көрүшөт, түбөлүктүү кубаныч менен андан ырахат алышат жана аны чагылдырышат.

Ал эми калган адамдар Кудайдын даңкын шылдыңдаганды уланта беришет. Демек, Кудай Өзүнүн даңкын Өзүнүн элине көрсөтүү аркылуу кандай максатты ишке ашырганды көздөгөн болсо, Ыйса Машаяк ошол максатты ишке ашыруучу болуп саналат. Машаяк Өзүнүн куткаруу ишин ишке ашырбаса, эч ким Кудайдын даңкын көрүп, андан ырахат алып, ага кубана алмак эмес. Ааламдын максаты ишке ашпай калмак. Демек, Машаяк аны ишке ашыруучу болуп саналат.

Бирок Машаяк айкаш жыгачта күнөөкөрлөр үчүн курман болуу аркылуу Өзүнүн ишин аткарганда, Атанын сүйүүсүн жана адилдигин эң жогорку деңгээлде ачып берген. Ошондо Кудайдын даңкы – Анын ырайымынын даңкы өзүнүн туу чокусуна жеткен.

Ошондуктан Өзүнүн жеткилең иши менен Кудайдын максатын ишке ашырып жаткан маалда Ыйса ошол максаттын аягы болуп калган. Күнөөкөрдүн ордунда өлүү жана аларга өмүр берүү үчүн кайра тирилүү аркылуу Ал Кудайдын даңкынын негизги жана эң жогорку аяны болуп калган.

Ошондуктан айкаш жыгачка керилген Машаяк Кудайдын бул ааламдагы максатын ишке ашыруучу да, ошол максаттын аягы да болуп саналат.

Анын иши болбосо, Кудайдын максаты аягына чыкпай калмак, б.а. Кудайдын даңкы толугу менен ачылбай жана Кудайдын эли анын кубанычына бөлөнбөй калмак.

Машаяк ошол максатты ишке ашыруу аркылуу анын аягы болуп калган, б.а. түбөлүктөн түбөлүккө созула турган даңктообуздун борбору болуп калган. Машаяк биздин ордубузга каргышка калуу аркылуу Кудайды кандайча ачып берген болсо, биз Кудайдын Анда ачылган ошол улуулугун түбөлүктөн түбөлүккө көрүп жана анын ырахатына бөлөнүп жашайбыз.

Ыйса – ааламдын жаралышынын түпкү максаты жана ошол максатты аягына чыгаруу аркылуу акталган күнөөкөрлөрдү кубанычка бөлөөчү.

«Машаяк айкаш жыгачка кадалган жума күнкү ой толгоо: Машаяк жана ааламдын маңызы» аттуу насааттан үзүндү