13-февраль: Жеткилең шаар

Jakshy Kabar Media

13-февраль: Жеткилең шаар

Жон Пайперден насаат сөз

«Кудай алар үчүн шаар даярдап койгон».

Эврейлер 11:16

Ал жерде айлана-чөйрөнүн кирдеши, дубалдарга тартылган жаман сүрөттөр, таштанды, жыгачтары чириген гараждар, куурап калган чөптөр же бөтөлкөлөрдүн сыныктары, көчөдө жөөлүп баскан адамдар, бетме-бет каршы чыккан адамдар, үйдөгү чыр-чатак же зөөкүрлүк, көчөдөгү түнкү кооптуулук, бир жерге өрт коюу, алдоо, уурдоо, адам өлтүрүү, коомдук жайлардагы мүлктөрдү бүлүндүрүү жана зордук-зомбулук болбойт.

Кудайдын шаары жеткилең болот, себеби Кудай анын ичинде болот. Кудай анда басып жүрөт, адамдар менен сүйлөшөт жана анын бардык булуң-бурчттарында Өзүнүн кудуретин көрсөтөт. Эмне жакшы, кооз, ыйык, тынчтыкка, чындыкка жана бакытка тиешелүү болсо, ошонун баары ошол шаарда болот, себеби Кудай ошол жерде болот.

Ал жерде жеткилең акыйкаттык болот жана бул дүйнөдө Машаякка тил алуунун натыйжасында чеккен ар бир азабыбыздын орду миң эселеп толтурулат. Ал шаар эч качан бузулбайт. Тескерисинче, түбөлүктүүлүктө сансыз кылымдар өткөн сайын шаар жарыкка дагы да көбүрөөк толо берет жана андагы кубаныч барган сайын көбөйө берет.

Сиз ушул шаарды бул дүйнөдөгү нерселердин баарына караганда көбүрөөк эңсесеңиз, ошондо Кудайды урматтаган болосуз. Эврейлер 11-бөлүм 10-аятта айтылгандай, бул шаарды ойлоп тапкан жана курган – Кудай Өзү. Кудай урматка ээ болсо, Ал сиздин Кудайыңыз деп аталгандан кубаныч алат жана уялбайт.

«Бул дүйнөдө сүргүндө жүргөндөрдүн үмүтү» аттуу насааттан үзүндү