12-февраль: Линкольндун Кудайдын кудуретине болгон ишеними

Jakshy Kabar Media

12-февраль: Линкольндун Кудайдын кудуретине болгон ишеними

Жон Пайперден насаат сөз

«Оо, Кудайдын акылы кандай терең, Анын билими кандай жеткилең! Анын чечимдери акыл жеткис, Анын жолдору изилденгис!».

Римдиктер 11:33

1809-жылдын 12-февралында төрөлгөн Авраам Линкольн жашы кырктан өтүп калганга чейин машаякчылык ишенимге шек саноо менен караган, алтургай кээде аны шылдыңдаган. Андыктан жеке жана жалпы элдик азап-кайгы Линкольнго Кудайды четке какпаганга, тескерисинче, Анын бар экенин кабыл алганга кандайча түрткү бергени абдан таң калыштуу.

1862-жылы Линкольн 53 жашка чыкканда, анын 11 жаштагы уулу Вилли каза болуп калган. Линкольндун жубайы «өз кайгы-муңу менен күрөшкөнгө күч табуу үчүн, Жаңы Доор (New Age) деген диндин көзү ачыктарына кайрылган». Линкольн өзү болсо Вашингтондун Нью-Йорк көчөсүндөгү Пресвитериандык жыйындын жетекчиси Финеас Гарлиге колдоо сурап кайрылган.

Гарли айтып бергендей, бир нече жолку көп убакытка созулган маектерден кийин, Линкольн «Машаякка ишенип калган». Линкольн өзү болсо «көп учурда башка барар жери калбагандыгын ушунчалык терең түшүнгөндүктөн, Кудайдын алдында чөгөлөгөнгө туура келгендигин» мойнуна алган.

Ошондой эле, согушта курман болгон жана жаракат алган аскерлер жөнүндө ойлоо Линкольнду күн сайын катуу коркунучка кабылткан. Вашингтондо жараланган аскерлерлерди дарылаган элүү оорукана болгон. АКШнын Конгрессинин имаратынын борбордук бөлүгүндө жараланган аскер үчүн эки миң керебеттер коюлган.

Адатта ушундай убактылуу дарылоочу жайларда күнүнө 50 аскер каза болуп турган. Мунун баарын көргөн Линкольн кудуреттүү Кудайга ишенип калган жана: «Дүйнөнү жараткан Кудай дагы эле аны башкарарына ишенгенден башка жол жок», – деген.

Линкольндун президенттикке экинчи жолу Шайлануу Аземинде Жарандык Согуш жөнүндө сүйлөп жатып Кудайдын кудуреттүү бийлиги тууралуу айткан бир сөзү эң белгилүү сөз болуп калган. Андан бир ай өткөндөн кийин ал чыккынчылык менен өлтүрүлгөн. Линкольдун Кудайды жарандык согушта түндүк штаттардын Бирикмесин же түштүк штаттардын Конфедерациясын колдогон жөнөкөй бир колдоочу деп эсептебегенин баса белгилей кетүү керек. Анын ою боюнча, Кудайдын Өзүнүн максаттары болгон жана Ал эч бир тараптын күнөөлөрүн көрмөксөңгө салган эмес.

Бул тууралуу ал төмөнкүдөй сөздөрдү айткан:

«Согуштун балакети тезирээк өтүп кетсе экен деп биз чын жүрөктөн үмүттөнөбүз жана тынбай сыйынып жатабыз…

Бирок эки жүз жылдан бери эч кандай акысын албай иштеген кулдардын мээнети менен чогулган байлык жок болмоюнча жана камчы менен төгүлгөн кандын ар бир тамчысы үчүн кылыч менен ошончо кан төгүлмөйүнчө, Кудай согуштун уланышын кааласа, анда үч миң жыл мурун айтылып кеткендей, баары бир “Теңирдин өкүмдөрү адилет, бардыгы туура” экенин айтышыбыз керек».

Жоготууну, жаракат алууну жана улуу кайгыны башынан кечирген ар бириңер курулай фатализмге (маңдайга жазылган тагдырдан качып кутула албайбыз деген түшүнүккө) берилип кетпестен, Линкольнго окшоп, акыл жеткис кудуретке ээ болгон Кудайдын чексиз акылмандыгына жана сүйүүсүнө дагы да көбүрөөк таянып калсаңар экен деп сыйынам.

«Авраам Линкольн Кудайдын кудуретине кантип ишенип калган?» аттуу насааттан үзүндү