11-февраль: Кулчулуктун эң мыкты формасы

Jakshy Kabar Media

11-февраль: Кулчулуктун эң мыкты формасы

Жон Пайперден насаат сөз

«Кул абалында чакырылган адам – Теңир алдында эркин адам. Ошол сыяктуу эле эркин абалында чакырылган адам – Машаяктын кулу».

1 Корунттуктар 7:22

Мен Пабыл бул аятта «Теңир» (Кожоюн) жана «Машаяк» деген сөздөрдү ордун алмаштырып колдонсо керек деп күткөм.

Ал биздин эркиндигибизди Ыйсанын биздин Кожоюнубуз болуп калганы менен байланыштырат («Теңир алдында эркин адам»). Ошондой эле, биздин жаңы кул болуп калганыбызды Ыйсанын биздин Машаягыбыз болуп калганы менен байланыштырат («Машаяктын кулу»). Бул таң калыштуу угулат, анткени Машаяк Өз элин туткундан бошотуу үчүн келген эмеспи; ал эми кожоюндар кулдарына эркин жашоо беришпейт эмеспи.

Эмне үчүн Пабыл эки сөздү ушундай тартипте колдонот? Эмне үчүн (эркиндикти эмес) кулчулукту Машаяк менен, ал эми (кулчулукту эмес) эркиндикти Кожоюн менен байланыштырып жатат?

Менин оюм: Эки сөздү ушундай ордун алмаштырып колдонуу биздин жаңы эркиндигибизге жана жаңы кулдугубузга эки түрдүү таасир берет.

Бир жагынан, Пабыл бизди «Теңирдин алдында эркин» деп атоо аркылуу биздин жаңы эркиндигибиздин кепилдиги бар экенин жана ошол эркиндигибиздин чеги бар экенин көрсөтөт:

  1. Машаяк – бардык кожоюндардын кожоюну; ошондуктан биздин эркиндигибиз талашсыз жана толугу менен коопсуз.

2. Бирок, башка кожоюндардын бийлигинен эркин болсок да, биз Анын бийлигинен эркин эмеспиз. Ал Өз ырайымы менен биздин эркиндигибизди чектеп койгон. Ыйса – биздин Кожоюнубуз.

Экинчи жагынан, Пабыл бизди «Машаяктын кулу» деп атоо аркылуу биздин кулдугубуз эркин жана жеңил (жагымдуу) экенин көрсөтөт:

  1. Машаяк Өзүнө таандык болгон адамдарды туткундан бошотуп, тынчтык өкүм сүргөн кенен жерге алып келүү үчүн, аларга ээлик (кожоюндук) кылат. «Анын бийлиги жана тынчтык чексиз өсөт» (Ышайа 9:7).

2. Ошондой эле, аларга эң таттуу кубаныч тартуулоо үчүн, Ал аларды Өзүнө таандык кылат. «Мен аларды тоо (аска) балына тойгузар элем» (Забур 80:17). Бал берген Аска – бул Машаяк.

Ошондуктан, машаякчы, буга кубаныңыз: «Кул абалында чакырылган адам – Теңир (Кожоюндун) алдында эркин адам». Ошол сыяктуу эле эркин абалында чакырылган адам –(эркин жана жагымдуу кулчулук берген) Машаяктын кулу».

“Машаякчыны бактылуу кылган акылга сыйбас эркиндик жана кулчулук” аттуу насаат сөздөн үзүндү