10-февраль: Куткаруучу ишеним оңою менен канааттанбайт

Jakshy Kabar Media

10-февраль: Куткаруучу ишеним оңою менен канааттанбайт

Жон Пайперден насаат сөз

«Өздөрүнүн чыккан жерин өз мекенибиз деп эсептешсе, анда ал жерге кайтууга убакыт табышмак. Бирок алар андан жакшысына, башкача айтканда, асмандагыга умтулушкан».

Эврейлер 11:15-16

Ишеним Кудай убада кылган келечекти көрүп, ага «умтулат». «Бирок алар андан жакшысына, башкача айтканда, асмандагыга умтулушат». Буга бир аз токтолуп, ой жүгүртүңүз.

Куткаруучу ишенимди адамдын каалоолоруна жана эңсөөлөрүнө эч кандай таасир бербеген жөнөкөй чечим деп эсептеп, анын баркын кетирип салган көптөгөн адамдар бар. Бирок Ыйык Китептеги улуу ишеним тууралуу сөз кылган Еврейлер 11-бөлүмгө тиешелүү жогорудагы аяттагы кептин мааниси мындай: ишеним менен жашоо жана ишеним менен өлүү деген жаңы каалоолорго жана эңсөөлөргө ээ болуп, ошолордун аткарылышын издөө дегенди билдирет.

Еврейлер 11-бөлүм 14-аяттагы ишенимдин баатырларынын бул дүйнө сунуш кылганды эмес, чыныгы мекенин эңсеп жүргөндөрү айтылат. Ал эми 16-аятта алардын азыркы жердеги жашоо сунуш кылгандан да жакшыраак нерсеге умтулушканы айтылат. «Алар андан жакшысына, башкача айтканда, асмандагыга умтулушкан.»

Кудай алардын жан-дүйнөсүн толук ээлеп алгандыктан, аларды Кудай менен болгон жашоодон башка эч бир нерсе канааттандыра алмак эмес.

Демек, чыныгы куткаруучу ишеним деген – бул Кудайдын убадаларынын аткарылышына үмүттөнүү, баалуулуктардын өзгөрүлүшүн баштан кечирүү жана ошонун натыйжасында Анын убадаларын бул дүйнө сунуш кылган нерселерден артык көрүп, алардын аткарылышын эңсөө, издөө жана аларга ишеним артуу.

«Жердеги сүргүнгө айдалгандардын үмүтү» аттуу насаат сөздөн үзүндү.