9-февраль: Акчадан, жыныстык катнаштан жана бийликтен да артык

Jakshy Kabar Media

9-февраль: Акчадан, жыныстык катнаштан жана бийликтен да артык

Жон Пайперден насаат сөз

«Ошондуктан кайратыңардан жазбагыла, анткени ал үчүн чоң сыйлык бар».

Эврейлер 10:35

Биз дүйнө сунуш кылган нерселердин баарынан жогору турган улуу сыйлыгыбыз катары Кудайдын артыкчылыгы жөнүндө ойлонушубуз керек. Антпесек, башкалардай болуп бул дүйнөнү сүйүп, жашай беребиз.

Ошондуктан дүйнөнү башкарып турган нерселерди мисалга алып карап, Кудай алардан канчалык жакшы жана туруктуу экени жөнүндө ой жүгүртүңүз. Акчаны же жыныстык катнашты же бийликти мисалга алып, аларды өлүм менен салыштырып көрүңүз. Өлүм алардын ар бирин жок кылат. Эгер сиз ушулар деп жашасаңыз, анда алардан көп нерсе деле ала албайсыз, тескерисинче алганыңыздан айрыласыз.

Бирок Кудайдын баалуулугу эбегейсиз жогору жана туруктуу. Өлүм аны тартып ала албайт жана ал акчадан артык, анткени Кудай бардык акчага ээлик кылат жана Ал биздин Атабыз. Биз Анын мураскорлорубуз. «Баары силердики. Силер болсо Машаяктыкысыңар, Машаяк Кудайдыкы» (1 Корунттуктар 3:22-23).

Кудайдын баалуулугу жыныстык катнашка караганда алда канча жакшы. Ыйса эч качан жыныстык катнашта болгон эмес, бирок Ал тарыхта жашаган эң толук жана эң жеткилең адам болгон. Жыныстык катнаш – бул дагы да жакшыраак жашоонун, мамиленин жана ырахаттын көлөкөсү же сүрөтү гана. Мындай жашоонун алдында эң жыргал жыныстык катнаш да зеригиштүү нерсе болуп калат.

Кудайдын сыйлыгы бийликтен артык. Кудуреттүү Кудайдын баласы болуудан өткөн адамдык бийлик жок. «Келечекте периштелерди соттой турган адамдар экенибизди билбейсиңерби?» (1 Корунттуктар 6:3). «Мен жеңип чыгып, Атамдын жанына, Анын тактысына отурганымдай эле, жеңип чыккан адамды Өзүмдүн жаныма, тактыма отургузам» (Аян 3:21).

Башка нерселер да ушундай. Дүйнө эмнени сунуштаса, ошонун бардыгынан Кудай жакшыраак жана туруктуу.

Аларды Кудайга салыштырганга болбойт. Анткени Кудай ар дайым утушка ээ болот. Кеп мында: биз ушул Кудайга ээ болобузбу? Өзүнүн укмуштуулугу менен арбап алып, уктатып койгон бул дүйнөдөн ойгонуп, чыныгы, чексиз баалуу жана түбөлүктүү нерсени көрүп, ошого ишенип, сүйүнүп жана ошону сүйүп калабызбы?

«Келечектеги мурастын азыркы күчү» аттуу насаат сөздөн үзүндү.