Жон Пайперден насаат сөз
«Бүт элдер, Теңирге Өзүнө тиешелүүсүн бергиле, Теңирди даңктагыла жана урматтагыла».
Забур 95:7
Забурчу: «Теңирге Өзүнө тиешелүүсүн (даңкты жана урматты) бергиле», – дегенде, өзүнүн тажрыйбасына тиешелүү бир нерсе жөнүндө айтып жатканы анык. Канткенде Теңирге тиешелүү даңкты жана урматты берген болобуз?
Биринчиден, Кудайдын ырайымы аркылуу Кудайга көңүл буруп, Анын кудуреттүү экенин көрөбүз. Анын күчүнө көңүл бурабыз. Андан соң Анын улуу күчүн жактырабыз. Анын күчүн тиешелүү деңгээлде мактайбыз.
Анын күчү укмуш экенин таанып билебиз. Бирок бизди Теңирге тиешелүүсүн берерчелик деңгээлде таң калтырган нерсе – бул Кудайдын мындай улуу күчү бизге эмес, Ага таандык экендигине өзгөчө сүйүнгөндүгүбүз.
Кудай чексиз күчтүү, ал эми биздин андай эместигибиз туура экенин терең түшүнөбүз. Бул чындык экени бизди абдан сүйүнтөт. Кудай мынчалык күчтүү болгону үчүн, биз Ага көз артпайбыз. Биз Анын бийлигине ээ болгубуз келбейт. Тескерисинче, бардык күч Ага таандык болгонуна биз толугу менен кубанабыз.
Биз ушунчалык кубангандыктан, өзүбүздү унутуп, ушул күчтү таанып билгибиз келет. Өзүбүздү алыс аралыкка чуркоодо бизден озуп өтүп жеңишке жеткен чуркоочунун артынан (маарага) чуркап келип, өзүбүздүн жеңилгенибизге ызаланбастан, ал адамдын жеңишине кубанып, анын күчүнө суктануудан эң чоң кубаныч тапкандай сезебиз.
Өзүбүзгө эле көңүл буруп, өзүбүз менен мактангандын же өзүбүзгө тиешелүү нерселер жөнүндө ойлонгондун ордуна, өзүбүздөн алаксып, жүрөгүбүздү Кудайга буруп, Анын кудуретине суктанганыбызда, жашообуздун терең маңызын табабыз. Ошондо өзүбүзгө ушунчалык терең таасир берген бир чындыкты билип калабыз: Кудай болуу жөнүндөгү ойлорубуздан жана каалоолорубуздан баш тартуу, Кудай эмес экенибизди билүү бизге ушунчалык терең канааттануу берет.
Кудайдын кудуретине көңүл бурганыбызда, ичибизде Кудай ааламды ушул максат менен жараткан турбайбы: биз Кудайдын кудайлык күчүн мойнубузга алып, Кудай болбогонубузга терең ыраазы болушубуз үчүн жаратылган турбайбызбы деген түшүнүк пайда болот. Биздин эң башкы жана толук канааттануу берген максатыбыз чексиз улуу болгон Кудайга суктануу экенин билгенибизде, тынчтыкка бөлөнөбүз.
Өзүбүз кандайдыр бир күчкө ээбиз деп ойлой баштаганга бир аз эле азгырылсак, коркуп титирей баштайбыз. Кудай бизди ушундай азгырыктан сактоо үчүн алсыз кылып жаратып койгон: «Бирок кудуреттүү күч биздики эмес, Кудайдыкы болуп эсептелиш үчүн, ушул кенчти биз чопо идиштерде сактап жүрөбүз» (2 Корунттуктар 4:7).
Кудайдын улуулугуна суктануу аркылуу жете турган түбөлүктүү бийиктиктерден куру калбашыбыз үчүн, Анын Өз сүйүүсү менен бизди өзүбүз менен курулай мактануудан сактай турганы кандай ажайып! Кудай болбогонубуз, андан көрө Кудайды көргөнүбүз – улуу кубаныч!
«Кудайга Өзүнө тиешелүү болгон даңкты жана урматты кантип беребиз?» аттуу насааттан үзүндү