7-февраль: Өлүм алдында иштин оңунан чыгышы (Акыркы саатта ийгиликке жетүү)

Jakshy Kabar Media

7-февраль: Өлүм алдында иштин оңунан чыгышы (Акыркы саатта ийгиликке жетүү)

Жон Пайперден насаат сөз

«Анан ал Ыйсага: “Ыйса! Өзүңдүн Падышачылыгыңа барганда, мени эстей көр”, – деди».

Лука 23:42

Үмүттү өлтүрүүчү эң чоң нерселердин бири – бул ушунча убакыттан бери өзгөрүүгө аракет кылып, бирок ийгиликке жетишпегениңиз. Ушундай болгондо артка кылчайып, ойлоносуз:

Мунун эмне кереги бар? Эгерде менин ишим оңунан чыкса, өзгөрүлсөм, жаңы өмүр менен жашоого өтө эле аз убакыт калат экен жана бул менин көп жылдык ийгиликсиз жашоомо салыштырмалуу, – анчалык деле чоң айырмачылык жаратпайт экен. Мурунку каракчы (Ыйсанын жанындагы айкаш жыгачтагы ууру) Кудайга кайрылгандан кийин дагы бир сааттай эле жашаган. Андан соң ал каза болгон. Кудай аны өзгөрткөн. Ал айкаш жыгачтагы өмүрүн жаңы көз карашы жана иш-аракеттери менен жаңы адам катары өткөргөн (ал Ыйсаны тилдеген эмес). Бирок анын өмүрүнүн 99.99 %-ы текке кеткен.

Андай болсо, анын акыркы эки сааттык жаңы жашоосу кандайдыр бир мааниге ээ болгонбу? Чындыгында, бул акыркы эки саат чексиз мааниге ээ болгон. Буга чейин каракчы болгон бул адам, бардыгыбыз сыяктуу эле, Машаяктын сот тактысынын алдына өзүнүн жашоосу үчүн жооп бериш үчүн келет. «Анткени денеде жашап жүргөндө кылган жаман же жакшы иштерибизге жараша тиешебизди алуу үчүн, баарыбыз

Машаяктын сот тактысынын алдына келишибиз керек» (2 Корунттуктар 5:10). Ошол күнү анын жашап өткөн өмүрү анын жаңыдан төрөлгөнүн жана Машаяк менен бириккенин кандайча күбөлөндүрөт? Жашоосу анын Машаякта жаңы өмүргө ээ болгонун кантип тастыктайт? Чындыкты акыркы сааттар айтып берет. Бул адам жаңы адам болуп калган эле. Анын ишеними нукура эле. Ал чынында эле Машаяк менен бириккен эле. Машаяктын адилдиги анын да адилдиги болуп калган. Анын күнөөлөрү кечирилген. Акыркы сот күнүндө бул адамдын акыркы сааттары ушуларды жарыялайт.

Ал өзгөргөн! Анын өзгөрүүсү мааниге ээ болгон. Бул Кудайдын ырайымынын күчүнүн жана анын чыныгы ишениминин жана Машаяк менен болгон чыныгы биримдигинин укмуштуудай күбөлүгү болгон жана болуп кала берет. Эми өзүбүздүн өзгөрүү үчүн болгон күрөшүүбүзгө кайтып келели. Күрөшүп жаткан ишенгендер каракчыдай болуп (иши оңунан чыкпаса) куткарылбайт деп айтуудан алысмын. Мен жөн гана жашоонун акыркы жылдары жана акыркы сааттары да мааниге ээ деп айтып жатам.

Эгерде биздин жашообуздун акыркы 1%ында биз илгертен бери келе жаткан күнөөкөр адатты же мүнөзүбүздөгү зыяндуу сапаттарыбызды жеңип чыга алсак, анда бул ырайымдын күчү жөнүндө сонун күбөлүк болот жана бул акыркы сотто Машаякка болгон ишенимибизге жана Аны менен болгон биримдигибизге кошумча күбөлүк болот.

Кайраттаныңыз, күрөшүүчү. Сурап, издеп, тыкылдата бериңиз. Машаякка үмүт артууну уланта бериңиз. Эгерде Кудай акыркы саатта (дээрлик кеч болуп калганда) каракчыларды куткарып, даңкка ээ болсо, демек Анын сиз көптөгөн жылдар бою издеген өзгөрүүнү ушунча убакыттан бери бербей, эми берүүнү чечкенинде, кандайдыр бир максаты бар экени анык.

«Сураганга эч качан кеч эмес» аттуу насаат сөзүнөн үзүндү