6-февраль: Бул жерде кордук көргөндөр, ал жакта сыйлыктарын алышат

Jakshy Kabar Media

6-февраль: Бул жерде кордук көргөндөр, ал жакта сыйлыктарын алышат

Жон Пайперден насаат сөз

«Ошондо ал суу боюна отургузулган, мөмөсүн өз маалында берген, жалбырагы соолубаган дарактай болот. Ал эмне иш кылбасын, бардык ишинде ийгиликке жетишет».

Забур 1:3

Забурдагы бул убада биздин көңүлүбүздү Машаякка кандайча бурат?

Бул жерде: «Ал эмне иш кылбасын, бардык ишинде ийгиликке жетишет», – деп айтылып жатат. Адил адам бардык иштеринде ийгиликке жетишет. Забурчу өтө эле ишенчээктик кылып жаткан жокпу же бул нагыз чындыкпы?

Бул жашоодо адилетсиздер чын эле ийгиликке жетишкендей сезилет. «Теңирди унчукпай күт, Андан үмүттөн. Өз жолунда ийгиликке жеткен, арам ойлорун ишке ашырган адамга атаандашпа» (Забур 36:7). «Мыйзамсыз иштерди кылгандар жашоосунда ийгиликке жетип жатышат. Алар Кудайды сынашса да, аман калып жатышат» (Малахия 3:15).

Ал эми адил адамдар көбүнчө азап чегишет жана алардын жакшылыктары көпчүлүк учурда кыянаттык менен сыйланат. «Эгерде биз өз Кудайыбыздын ысымын унутуп койсок… Кудай бизди ушул үчүн жазалабай коймок беле?.. Сен үчүн бизди күн сайын өлтүрүп жатышат. Биз алар үчүн мууздала турган койлор сыяктуубуз» (Забур 43:21-23). Муну забурчулар өздөрү да билишкен. Биз алар билбеген нерсени айтып, алардын сөздөрүнө каршы чыгып жаткан жокпуз.

Ошондуктан, забурчу: «Ал эмне иш кылбасын, бардык ишинде ийгиликке жетишет», – деп айтканда, өтө эле ишенчээктик кылып жаткан жок. Ал эмне болушу анык эмес болгон бул жашоодон да алыс көз чаптырып, өлүмдөн кийинки жашоодо биз жасаган иштердин чыныгы таасири – чыныгы ийгилиги көрүнөөрү жөнүндө айтып жатат.

Пабылдын ою да ушундай болгон.

Биринчиден, ал Машаяктын өлүмдү жеңгенин кубаныч менен жарыялайт. «Өлүм! Сенин жеңишиң кайда?… Теңирибиз Ыйса Машаяк аркылуу бизге жеңиш берген Кудайга ыраазыбыз!» (1 Корунттуктар 15:55, 57).

Андан кийин ал ушул жеңиштин аркасында ишенгендер жасаган ар бир иш ийгиликке жетет деген тыянак чыгарат. «Ошондуктан, сүйүктүү бир туугандарым,…Теңир үчүн кылган эмгегиңер текке кетпестигин билесиңер» (1 Корунттуктар 15:58). Текке кетпеген нерсе өсүп-өнүгөт.

Ыйса биздин ордубузга өлгөндүктөн, эртеби-кечпи, бардык жакшы иштерибиздин ийгиликке жетишине кепилдик берген. «Ар ким өзүнүн кылган жакшы ишине жараша Теңирден тиешесин аларын билесиңер» (Эфестиктер 6:8). «Мен үчүн кордук көрсөңөр, бактылуусуңар…. Кубанып шаттангыла, анткени асмандагы сыйлыгыңар чоң!» (Матай 5:11-12). Бул жер үстүндө кордук көргөндөр асманда сыйлыктарын алышат.

Байыркы Келишимде чындыктан алыс көрүнгөн нерсе Машаяктын иши жана тирилүү аркылуу дагы да терең мааниде чындап ишке ашат. Ошондо Катарина фон Шлегелдин «Жаным, тынчтан» деген улуу даңктоо ырында айтылгандай болот:

«Жаным, тынчтан: Ыйса тиешеңди берет.
Анын толуктугу кайгы-муңуңду алып кетет».