5-февраль: Кызматтын негизги максаты

Jakshy Kabar Media

5-февраль: Кызматтын негизги максаты

Жон Пайперден насаат сөз

«Биз болсо жок болуу үчүн артка кетенчиктегендерден эмеспиз, тескерисинче, жаныбыздын куткарылышы үчүн ишенгендерденбиз».

Эврейлер 10:39

Кудайга болгон сүйүүңүз үчүн бир нерселерди убактылуу курмандыкка чалганга мажбур болсоңуз, Кудайдын чексиз баалуу убадаларына болгон ишенимден тайып, артка кетенчиктеп кетпеңиз. Артка кетенчиктесеңиз, убадалардан гана кол жуубастан, өзүңүз да жок болосуз.

Артка кетенчиктегениңизге же аягына чейин чыдаганыңызга карап, же тозокко же бейишке барасыз. Кеп анча-мынча ашыкча сыйлыктарды эле жоготуп коюшуңуз мүмкүн экенинде эмес. Эврейлер 10-бөлүм 39-аятта: «Биз болсо жок болуу үчүн артка кетенчиктегендерден эмеспиз», – деп айтылат. Кеп түбөлүккө соттолуу жөнүндө болуп жатат.

Ошондуктан биз бири-бирибизге эскертебиз: Артка кайтып кетпейли. Дүйнөнү сүйбөйлү. Мындай кылсак эч нерсени жоготпойбуз деп ойлобойлу. Күнөөнүн убадаларына караганда Кудайдын убадаларын көбүрөөк баалабасак, бизди үрөйдү учурган тагдыр күтүп турарын билип, корколу. Эврейлер 3-бөлүм 13-14-аяттарда айтылгандай: «Кимдир бирөөңөр күнөөгө азгырылып, жүрөгүңөрдү катуулантпашыңар үчүн, «бүгүн» деп айта турган күн келгенге чейин, ар күнү бири-бириңерге акыл-насаат айткыла. Баштапкы ишенимибизди акырына чейин бекем сактаганда гана Машаяк менен катышыбыз болот».
Бирок көңүлүбүздү негизинен баалуу убадаларга жана бири-бирибизди Машаяк алып берген улуу сыйлыкты баарынан жогору баалаганга жардам бергенге бурушубуз керек. Бири-бирибизге Эврейлер 10-бөлүм 35-аяттагы сөздөрдү айтып турушубуз керек: «Ошондуктан кайратыңардан жазбагыла, анткени ал үчүн чоң сыйлык бар». Анан бири-бирибизге ошол улуу сыйлыкты көргөнгө жардам беришибиз керек.

Насаатчынын негизги жумушу ушул; чакан топтордун жана жыйындагы бардык кызматтардын негизги максаты ушул: Кудайдын элине Машаяк алып берген сыйлык канчалык улуу экенин көргөнгө жардам берүү жана ар бир адамды ал сыйлыкты бул дүйнөдөн артык көргөнгө шыктандыруу. Ишенүүчүлөрдү ал сыйлыкты көрө билгенге жана баалай билгенге үйрөтүү. Ошондо алар Кудайды эң жогору баалап, Андан ырахат издеп, Ал үчүн чын жүрөктөн курмандыкка барганга даяр болот.

«Келечектеги мурастын азыркы күчү» аттуу насааттан үзүндү.