4-февраль: Азап-кайгылардын беш пайдасы

Jakshy Kabar Media

4-февраль: Азап-кайгылардын беш пайдасы

Жон Пайперден насаат сөз

«Азап тартканга чейин, мен адашып жүргөм, азыр болсо Сенин сөзүңдү сактап жүрөм».

Забур 118:67

Кудай бизге Өзүнүн Cөзүн таанытуу үчүн азап-кайгыларды жиберет. Бул кандайча болот? Азап-кайгылар Кудайдын Cөзүн түшүнгөнгө жана ага баш ийгенге кантип жардам берет?

Бул суроонун көптөгөн жооптору бар, себеби Кудайдын улуу ырайымынын түркүн-түрдүү тажрыйбалары бар. Алардын ичинен бешөөсү төмөнкүдөй:

Азап-кайгы бейкапар (жеңил-желпи) жашообузду токтотуп, олуттуу ой жүгүрткөнгө, Кудайдын олуттуу сөзүнө кулак салганга түрткү берет. Муну баса белгилей кетүү керек: Кудайдын Сөзүндө олуттуу болбогон бир да сөз жок.

Азап-кайгылар бизге бул дүйнөдө жөлөк-таяк болгон нерселерди уратып, бизди Кудайдын Өзүнө көбүрөөк таянганга мажбур кылат жана Кудайдын Сөзүнүн максатын ишке ашырганга багыттайт. Ал эми Кудайдын Сөзүнүн максаты – бизди Кудайдын Өзүнө үмүт арттыруу жана таяндыруу. «Ал эми буга чейин жазылгандын баары биздин үйрөнүшүбүз үчүн жазылган. Анткени биз Ыйык Жазуу аркылуу чыдамдуулукка жана кайраттуулукка ээ болуп, үмүтүбүздү үзбөйбүз» (Римдиктер 15:4). «Булар болсо Ыйсанын Кудайдын Уулу, Машаяк экенине ишенишиңер үчүн жана ишенип, Анын ысымы аркылуу өмүргө ээ болушуңар үчүн жазылды» (Жакан 20:31).

Азап-кайгылар Ыйык Жазууну жашоого тиешеси жок нерсе деп эсептебегенге, тескерисинче, өзүбүз зар болгон жардамды андан издегенге мажбур кылат. «Мени издейсиңер, эгерде Мени чын жүрөктөн издесеңер, табасыңар» (Жеремия 29:13).

Азап-кайгылар аркылуу биз Машаяктын азаптарына ортоктош болобуз. Ошондо биздин Аны менен болгон мамилебиз дагы да тыгыз болот жана биз бул дүйнөнү Анын көздөрү менен караганга даяр болобуз. Пабылдын жан дили менен эңсеген нерсеси «Аны жана Аны тирилткен күчтү таанып билиш үчүн, Анын тарткан азаптарына ортоктош болуш үчүн, Ага окшоп өлүү» болгон (Филипиялыктар 3:10).

Азап-кайгылар бизди азгырган жана алагды кылган денелик каалоолорубузду өлтүрөт жана ошол аркылуу бизди рухий жактан бекемдеп, Кудайдын рухий Сөзүн кабыл алганга жөндөмдүү кылат. «Машаяк биз үчүн денеси менен азап тарткандыктан, силер да ошол ой менен куралдангыла. Анткени денеси менен азап тарткан адам күнөө кылганын коёт» (1 Петир 4:1). Азап-кайгынын күнөөнү өлтүрө турган чоң таасири бар. Ал эми биз канчалык таза болсок, Кудайды ошончолук жакшыраак көрө алабыз (Матай 5:8).

Кудайдын азаптуу ыкма менен бизди тарбиялаганына каршылык көрсөтпөшүбүз үчүн, Ыйык Рух бизге ырайымын төксүн!

«Кудайдын азап-кайгы аркылуу бизди тарбиялашы» аттуу насааттан үзүндү