3-февраль: Эң чоң сүйүү

Jakshy Kabar Media

3-февраль: Эң чоң сүйүү

Жон Пайперден насаат сөз

«Балдарым, силерге жазып жатканымдын себеби: силердин күнөөлөрүңөр Машаяктын ысымынын урматына кечирилген».

1 Жакан 2:12

Кудайдын Өз «ысымынын урматына», Өзүнүн даңкы үчүн бизди сүйөрүнө, кечирерине жана куткарарына эмне үчүн өзгөчө маани беришибиз керек? Мунун көптөгөн себептери бар. Алардын экөөсү төмөнкүдөй:

(1) Кудай Өзүнүн даңкы үчүн бизди сүйөрүнө жана кечирерине өзгөчө басым жасашыбыз керек, себеби Ыйык Китеп ошондой кылат.

«Мен, Мен Өзүм сенин кылмыштарыңды Өзүм үчүн өчүрөм, сенин күнөөлөрүңдү эстебейм» (Ышайа 43:25).

«Өз ысымың үчүн, Теңир, күнөөмдү кечир, анткени менин күнөөм чоң» (Забур 24:11).

«Кудай, биздин Куткаруучубуз, Өз ысымың даңкталышы үчүн, бизге жардам бер, бизди куткар, Өз ысымың үчүн биздин күнөөлөрүбүздү кечир» (Забур 78:9).

«Өзүбүздүн мыйзамсыздыгыбыз өзүбүзгө каршы күбөлөндүрүп жатканына карабастан, Сен, Теңир, бизге Өзүңдүн ысымың үчүн жаса» (Жеремия 14:7).

«Теңир, өзүбүздүн мыйзамсыздыгыбызды, ата-бабаларыбыздын күнөөсүн моюнга алып жатабыз, анткени биз Сенин алдыңда күнөөгө баттык. Бизди Өзүңдүн ысымың үчүн четке какпа. Өзүңдүн даңкыңдын тагын кемсинтпе» (Жеремия 14:20-21).

«Кудай Өзүнүн чыдамдуулугу убагында мурунку кылынган күнөөлөрдү кечирүү аркылуу Өзүнүн адилеттүүлүгүн көрсөтүү үчүн, Машаяктын төгүлгөн канын ырайым курмандыгы катары ишеним аркылуу сунуш кылды. Азыркы учурда Өзүнүн адилеттүүлүгүн көрсөтүү үчүн ушундай кылды. Ал Ыйсага ишенген адамга адилеттүү жана актоочу катары таанылсын» (Римдиктер 3:25-26).
«Силердин күнөөлөрүңөр Машаяктын ысымынын урматына кечирилген» (1 Жакан 2:12).

(2) Ушундай кылсак, Кудай бизди эң чоң сүйүү менен сүйөрү так көрүнөт.
«Ата! Сенин Мага бергендериң да Мен болгон жерде Мени менен бирге болушун жана Мага берген даңкыңды көрүшүн каалайм» (Жакан 17:24).

Кудай бизди сүйгөндө, биздин ысымыбыз эң көп даңазаланышы үчүн эмес, Өзүнүн ысымы эң көп даңазаланышы үчүн, сүйөт. Асман – бул биз өзүбүзгө суктана турган жер эмес, Кудайдын чексиз улуулугуна суктана турган жер. Асманга барганыбызда, өзүбүздүн эң улуу экенибизди билсек, эң чоң көңүл калууга туш болмокпуз.

Кудай Өзүнүн эң чоң сүйүүсү менен бардык иштерди Өзүнүн улуулугун даңазалоо үчүн кылат, себеби ошондо биз асманга барганыбызда, биздин кубанычыбызды түбөлүккө көбөйткөн нерсеге, б.а. Кудайдын даңкына ээ болобуз. Эң чоң сүйүү – бул Кудайдын Өз Уулун курмандыкка берүү аркылуу бизди түбөлүк кубанычка бөлөө үчүн бизге Өзүн тартуу кылышы (Римдиктер 8:32). Кудай Өз ысымы үчүн бизди сүйөрүн жана кечирерин ушундай мааниде айтат.

«Кудайдын бардык нерсени өзүнүн даңкы үчүн кылганы эмне үчүн маанилүү?» аттуу насааттан үзүндү