2-февраль: Кечирим кандайча ишке ашат?

Jakshy Kabar Media

2-февраль: Кечирим кандайча ишке ашат?

Жон Пайперден насаат сөз

«Бизге карыз болгондордун ар бирин кечиргенибиздей, биздин күнөөлөрүбүздү да кечире көр. Азгырылышыбызга жол бербе, бизди жамандыктан сакта!».

Лука 11:4

Ким кимди биринчи кечирет?

Бир жагынан, Ыйса мындай дейт: «Бизге карыз болгондордун ар бирин кечиргенибиздей, биздин күнөөлөрүбүздү да кечире көр» (Лука 11:4).

Башка жагынан, Пабыл мындай дейт: «Машаяк силерди кечиргендей, силер да кечиргиле» (Колостуктар 3:13).

Ыйса бизге өзүбүз башкаларды кечиргенибиздей, Кудайдан да Ал бизди кечиришин суранып сыйынганды үрөткөндө, кечирим алуу үчүн, биз биринчи кадамды ташташыбыз керектигин айтпайт. Тескерисинче, кечирим мындайча ишке ашат: биз Машаякка ишенип калганыбызда, Кудай бизди кечирет (Элчилердин иштери 10:43). Анан ушундай кечиримден катуу таасирленген биз да кубанычка, ыраазычылыкка, үмүткө толуп, башкаларды кечиребиз.

Мындай кечиримдүү жүрөккө ээ болуу биз өзүбүз куткаруучу кечиримди алганыбыздын белгиси болуп саналат. Мындайча айтканда, башкаларды кечирүү аркылуу биз өзүбүз ишенимге ээ экенибизди, Машаяк менен бириккенибизди, ичибизде бизди ырайым жана момундукка толтурган Ыйык Рух жашарын күбөлөндүрөбүз.

Бирок биз дагы эле күнөө кылабыз (1 Жакан 1:8, 10). Ошондуктан Машаяктын биз үчүн жасаган иши бизге жаңыдан таасир бериши үчүн – кечиримди жаңыдан баштан кечирип туруу үчүн, Кудайга кайрылып турабыз. Бирок өзүбүздүн ичибизде кечирбестик бар болсо, Кудайдын кечиримин кайрадан башыбыздан кечирерибизге ишене албайбыз. Кечирбес кул жөнүндөгү үлгү-насаат аңгеме эсиңиздеби (Матай 18:23-25)? Падыша ал кулдун өзүнүн миллиондогон карызын кечирсе да, ал өзү башка бирөөнүн жарыбагандай карызын кечиргиси келген эмес. Өзүнүн кечирбестиги менен ал падышанын ырайымы жүрөгүн эч кандай өзгөртпөгөнүн көрсөткөн.

Ыйса бизди мындай акылсыздыктан сакташ үчүн, мындай деп сыйынганга үйрөтөт: «Бизге карыз болгондордун ар бирин кечиргенибиздей, биздин күнөөлөрүбүздү да кечире көр» (Лука 11:4). Ыйса биз өзүбүз кечиримдүү болгонубуз үчүн, Кудайдан кечирим сураганыбызды айтканынын себеби ушул. Бул мындай дегенге окшош: «Кудай Ата, мага Машаяк алып берген ырайымыңды берүүнү уланта көр, анткени мен ушул ырайым аркылуу кечирилгенмин жана Сен мени кандай кечирген болсоң, мен да өч алуу каалоосунан баш тартып, башкаларды ошондой кечиремин».

Бүгүн Кудайдын кечиримин жаңыдан тажрыйбаласаңыз экен, Анын ырайымы сиздин жүрөгүңүздү толтуруп, башкаларды кечиргенге жөндөмдүү кылса экен, жашооңуздагы ырайымдын ошол таттуу тажрыйбасы сиздин ишенимиңизди дагы да бекемдесе экен, б.а. Кудайдын кандын баасына сатылып алынган кечиримин жаңыдан тажрыйбалаш үчүн, Анын алдына барганыңызда, Ал сизди Өзүнүн кечирилген жана кечиримдүү баласы катары көрөрүн түшүнүп жетсеңиз экен деп тилейм.

«Ыйык Китептин төрт бөлүгү жөнүндө таңкы ой толгоо» аттуу насааттан үзүндү