1-февраль: Биз Келишимге таандыкпыз!

Jakshy Kabar Media

1-февраль: Биз Келишимге таандыкпыз!

Жон Пайперден насаат сөз

«Ал жерде Дөөттүн мүйүзүн кайрадан көтөрөм, Өзүмдүн майланганыма чырактан даярдадым. Душмандарын уятка калтырам, ал эми анын башындагы таажысы жаркырап турат».

Забур 131:17-18

Кудайдын Дөөткө берген убадаларынын пайдасын кимдер көрөт?

Бул аяттарды дагы бир жолу окуйлу: «Ал жерде Дөөттүн мүйүзүн кайрадан көтөрөм, Өзүмдүн майланганыма чырактан даярдадым. Душмандарын уятка калтырам, ал эми анын башындагы таажысы жаркырап турат» (Забур 131:17-18).

Эми бул забурга Ышайадан алынган төмөнкү аяттарды кошуп окуйлу: «Суусагандар, баарыңар сууга келгиле! Атүгүл, күмүшү жоктор, силер да келгиле, сатып алып жегиле… Мен силерге Дөөткө убада кылган түбөлүк келишимимди, өзгөрүлбөс ырайымдарымды берем» (Ышайа 55:1, 3).

Айкаш жыгачтагы окуядан кийин жашаган адам катары мен бул убаданы өз сөзүм менен мындай деп айтмакмын: ким гана өзүнүн ким экенине жана эмне иш кылганына таянбастан, бизге Уулу Ыйса Машаяк аркылуу Өзүн ачып берген Кудайды таанууга суусап келбесин, Кудай аны менен келишим түзөт.

Ыйык Китептин аягындагы Аян китебинин акыркы аяттарынын биринде эмне деп жазылганы эсиңиздеби? «Рух менен колукту: “Кел!” – дешет. Муну уккан да: “Кел!” – десин. Суусаган келсин, каалоочу өмүр суусун бекер эле алсын» (Аян 22:17). Мындай убада Ышайанын убагында жашаган жүйүттөргө эле эмес, өз чаңкоосун кандыруу үчүн Машаякка келген ар бир адамга тиешелүү. Кудай: «Мен силерге Дөөткө убада кылган түбөлүк келишимимди… берем», – дейт.

Бул кандай келишим? Кудайдын Дөөткө болгон «өзгөрүлбөс ырайымына» негизделген жана ошол ырайым менен кепилденген келишим. «Мен силерге Дөөткө убада кылган түбөлүк келишимимди, өзгөрүлбөс ырайымдарымды берем» (Ышайа 55:3). Бул сөздөрдү мен мындай түшүнөм: мен да Дөөттүн келишимине таандыкмын. Дөөткө эмне берилсе, ошого мен да Ыйса Машаяк аркылуу ээ болом.

Бул келишимге эмнелер кирет?

Мен үчүн мүйүз көтөрүлөт, башкача айтканда, улуу бир күч мен үчүн согушат жана мени коргойт. Кудай мен үчүн чырактан даярдайт, башкача айтканда, Анын жарыгы мени курчап, караңгынын жеңишине жол бербейт. Мен таажыга ээ болом, башкача айтканда, мен Дөөттүн Уулу менен анын тактысында отуруп, Аны менен чогуу бийлик жүргүзөм. «Жеңип чыккан адамды Өзүмдүн жаныма, тактыма отургузам» (Аян 3:21).

Биздин Дөөткө берилген убадаларга үлүштөш болорубуз абдан таң калыштуу. Кудай ушинтип бизди катуу таң калтыргысы келет. Ар бир тынч убактыбыздын аягында Ал Өзүнүн кудурети жана бийлиги менен бизди канчалык сүйөрүн жана коргорун түшүнүп, таң калуу менен күнүбүздү башташыбызды Ал каалайт.

«Ыйык Китептин 4 бөлүгү жөнүндө таңкы ой толгоо» аттуу насааттан үзүндү.