31-январь: Азап чегүүнүн беш максаты

Jakshy Kabar Media

31-январь: Азап чегүүнүн беш максаты

Жон Пайперден насаат сөз

«Анын үстүнө, Кудайды сүйгөндөргө, Анын каалоосу боюнча чакырылгандарга бардык нерсе жакшылыкка болорун билебиз».

Римдиктер 8:28

Азап-кайгыларыбыздын майда-чүйдө себептерин дайыма эле биле бербейбиз, бирок Ыйык Китеп бизге ишенимибизди бекем сактаганга жардам берген чоң себептерди түшүндүрүп берет.

Бул себептерди эсибизге тутуп алсак жакшы болот, себеби капысынан азапка малынсак же азап чегип жаткан башка бирөөгө жардам берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болсок, ошондо Кудай бизге үмүт үзбөө үчүн берген кээ бир чындыктарды эстеп, колдоно алабыз.

Кудайдын биздин азап чегишибизге жол беришинин беш чоң максаты төмөнкүлөр:

Тобо кылуу: Азап чегүү бизге жана башкаларга бул дүйнөдө эч нерсени Кудайдан жогору баалабашыбыз керектигин эскертип турат:

«Силоомдогу мунара кулаганда, астында калган он сегиз киши Иерусалимдин башка бардык тургундарына караганда көбүрөөк айыптуу болушкан деп ойлойсуңарбы? Силерге айтып коёюн, андай эмес. Эгерде тобо кылбасаңар, бардыгыңар ошолорго окшоп өлөсүңөр» (Лука 13:4-5).

Таянуу: Азап чегүү бул дүйнөдө жашообузду сактап турган нерселерге эмес, Кудайга таянышыбыз керектигин эскертип турат:

«Бир туугандар, Асия жеринде башыбызга түшкөн кыйынчылык жөнүндө билишиңерди каалайм. Өтө оор, адам чыдагыс кыйынчылыкка туш болгон элек, тирүү каларыбызга да үмүттөнбөй калганбыз. Өзүбүздү өлүм жазасына өкүм кылынган адамдардай сезген элек. Бул кыйынчылык өзүбүзгө таянбай, өлгөндөрдү тирилткен Кудайга таянышыбыз үчүн болду» (2 Корунттуктар 1:8-9).

Адилдик: бизди сүйгөн асмандагы Атабыз бизди Өзүнүн адилдигине жана ыйыктыгына ортоктош кылуу үчүн, азап чектирүү аркылуу тарбиялайт:

«Анткени Теңир кимди сүйсө, ошону жазалайт. Кабыл алган ар бир уулун уруп-сабайт» деп айтылган насаатты да унутуп койдуңар… Алар бизди кыска гана убакыт үчүн, өздөрү туура көргөндөй жазалашкан. Кудай болсо бизге пайдалуу болушу үчүн, Өзү ыйык болгонундай, бизди да ыйык кылыш үчүн жазалайт. Убагында ар бир жаза кубанычтай эмес, кайгыдай туюлат. Бирок ал аркылуу тарбиялангандан кийин, ал адилеттиктин тынчтык берүүчү жемишин берет» (Эврейлер 12:6, 10-11).

Сыйлык: Азап-кайгылар бизди асманда чоң сыйлыкка жеткирет. Ал сыйлык жерде жоготкон ар бир нерсенин ордун миң эселеп толуктайт:

«Башыбыздан өткөрүп жаткан убактылуу, анча оор эмес кыйынчылыктарыбыз түбөлүктүү даңкты эбегейсиз көп жаратат» (2 Корунттуктар 4:17).

Акыркысы, Эскертүү: Азап-кайгылар Кудай Өз Уулун бул дүйнөгө биздин ордубузга азап чектирүү үчүн жөнөткөнүн, андыктан биздин кыйынчылыктарыбыз Кудайдын жазасы эмес, ыйыктоосу экенин эстетип турат:

«…Аны жана Аны тирилткен күчтү таанып билиш үчүн, Анын тарткан азаптарына ортоктош болуш үчүн… баарын таштанды деп эсептейм» (Филипиялыктар 3:10-11).

Демек, машаякчынын азап чегип жатканда: «Эмне үчүн?» – деп, Кудайга боздоп кайрылганы түшүнүктүү эле нерсе, себеби биз азап-кайгыларыбыздын көпчүлүк майда-чүйдө себептерин билбейбиз – эмне үчүн азыр, эмне үчүн ушундай, эмне үчүн мынчалык узак убакытка азап чегип жатабыз деген суроолордун жоопторун таба албайбыз. Бирок ушундай майда-чүйдө себептерди билбесеңиз эле, Кудайдын Өзүнүн Сөзүндө чоң себептерди түшүндүрүү аркылуу берген чоң жардамына көңүл бурбай койбоңуз.

«Аюб пайгамбардын чыдамдуулугу жөнүндө уккансыңар, акырында Теңирдин ага эмне кылганын да билесиңер. Анткени Теңир аябай ырайымдуу жана боорукер» (Жакып 5:11)

«Капысынан келген азапка даярдануу» аттуу насааттан үзүндү