30-январь: Жеңилбес ырайым

Jakshy Kabar Media

30-январь: Жеңилбес ырайым

Жон Пайперден насаат сөз

«Мен анын жолдорун көрдүм, Мен аны айыктырам, Мен аны алып жүрөм, Мен аны жана анын кайгыргандарын сооротом».

Ышайа 57:18

Өз ишенимиңизге тиешелүү окутууларды Ыйык Китептен үйрөнүңүз. Ошондо ал окутуулар бекем (туура) болот жана жаныңызды азыктандырат.

Мисалы, адам каршылык көрсөтө алгыс ырайым жөнүндөгү окутууну Ыйык Китептен үйрөнүңүз. Ошондо бул ырайым чындыгында биз каршылык көрсөтө албай турган ырайым эмес экенин түшүнөсүз. Кудай адамды тандаганда, ал көрсөткөн каршылыкты жеңе алат жана сөзсүз жеңип чыгат.

Мисалы, Ышайанын китебинде (57:17-19) Кудай Өзүнүн баш ийбес элин тарбиялоо үчүн, аны урганын (жазалаганын) жана андан Өзүнүн жүзүн жашырганын айтат: «Анын дүнүйөкордук күнөөсү үчүн Мен каардандым, аны урдум, жүзүмдү жашырдым, ачууландым» (17-аят).

Бирок Анын эли тобо кылуу менен жооп берей, тескерисинче, артка кетенчиктеген жана Ага каршылык көрсөткөн: «Бирок ал бурулуп кетип, өз жүрөгүнүн жолу менен жүрдү» (17-аят).

Демек, адам ырайымга каршылык көрсөтө алат экен да? Керек болсо, Степан жүйүт эл башчыларына мындай дейт эмеспи: «Ата-бабаларыңарга окшоп, силер дайыма Ыйык Рухка каршы чыгасыңар» (Элчилердин иштери 7:51).

Анда Кудай эмне кылат? Тобо кылгысы жана толуктукка ээ болгусу келбей каршылык көрсөткөндөргө бир нерсе кылганга Анын күчү жетпейби? Жок, андай эмес. Анын күчү жетет. Ышайадан алынган үзүндүдөгү кийинки аятта мындай деп жазылат: «Мен анын жолдорун көрдүм, Мен аны айыктырам, Мен аны алып жүрөм, Мен аны жана анын кайгыргандарын сооротом» (Ышайа 57:18).

Демек, эгерде адам баш ийбей, ырайымга каршылык көрсөтүп, артка кетенчиктесе, Кудай: «Мен аны айыктырам», – дейт. Ал аны «сооротуп» кайра калыбына келтирет. Кайра калыбына келтирүү «толук жана бүтүн кылуу» дегенди билдирет. Бул сөздүн шалом, «тынчтык» деген сөз менен байланышы бар. Кудай ырайымга каршылык көрсөткөн жана артка кетенчиктеген адамды кантип артка кайтарып, толуктукка жана тынчтыкка ээ кылары кийинки аятта түшүндүрүлөт.

Ал муну мындайча кылат: «[Анын оозуна даңктоо сөздөрүн салам]. Мен “Тынчтык (шалом), алыскыларга да, жакынкыларга да тынчтык (шалом)” деген сөзүмдү аткарам, – дейт Теңир. – Мен аны айыктырам» (Ышайа 57:19). Кудай адамда жок нерсени – тынчтыкты жана толуктукту жаратат. Биз ушундай жол менен куткарылабыз. Кудайдан алыстап кеткенибизде, Ал бизди Өзүнө ушундай жол менен кайра-кайра кайтарат.

Кудайдын ырайымы даңктоо жок жерде даңктоо жаратуу аркылуу биздин каршылыгыбызды жеңип чыгат. Кудай жакындагыларга жана алыстагыларга шалом алып келет, б.а. толуктук алып келет. Ал муну аларды «кайра калыбына келтирүү», б.а. каршылык көрсөтүү дартынан айыктырып, анын ордуна баш ийген жүрөк берүү аркылуу кылат.

Адам каршылык көрсөтө алгыс ырайым жөнүндөгү окутуунун маңызы адам ага чындап эле каршылык көрсөтө албаганында эмес. Биз ага каршылык көрсөтө алабыз жана жашоодо ошондой болот. Анын маңызы мындай: Кудай бизди тандаганда, биздин каршылыгыбызды жеңип чыгып, ичибизде тил алчаак рухту кайра калыбына келтирет. Жаңы нерсени жаратат. «Жарык болсун!» – дейт жана бизди айыктырат, жетелейт, калыбыбызга келтирет жана сооротот.

Ошондуктан биз Кудайдан алыстап кеткенден кийин, кайра кайтып келдик деп мактана албайбыз. Тескерисинче, Теңирдин алдында жүзтөмөндөп жыгылып, биздин каршылыгыбызды жеңип чыккан жеңилбес ырайымы үчүн Ага кубаныч жана титирөө менен ыраазычылык билдиребиз.

«Адам ырайымга каршылык көрсөтө алат… бирок аны жеңе албайт» аттуу насааттан үзүндү