29-январь: Теңир бизди кайра кайрыла турган кылат!

Jakshy Kabar Media

29-январь: Теңир бизди кайра кайрыла турган кылат!

Жон Пайперден насаат сөз

«Теңир, бизди Өзүңө кайры, ошондо биз Сага кайрылабыз».

Жеремиянын ыйы 5:21

Кудай Өзүнүн күнөөгө жана ишенбестикке жетеленип, чындыктан четтеп кеткен элин кайра кайтарбаса, элдин өзү кайрылышына эч кандай үмүт жок.

Жеремиянын ыйы – Ыйык Китептеги эң кайгылуу китеп. Анда Кудай көз карегиндей сактаган Өз элин – Иерусалимди жок кылганы сүрөттөлөт.

  • Теңир Өзүнүн каарын, Өзүнүн жалындаган каарын төктү, Сион шаарына от койду, ал от шаардын негиздерин жалмады (4:11).
  • [Ал] көздү суктанткандардын баарын өлтүрдү (2:4).
  • Теңир ага өзүнүн көптөгөн мыйзамсыздыктары үчүн алаамат түшүрдү (1:5).

Бул китеп кандай аяктайт?

Жападан жалгыз бир үмүттү көрсөтүү менен аяктайт:

«Теңир, бизди Өзүңө кайры, ошондо биз Сага кайрылабыз» (5:21).

Менин жалгыз үмүтүм ушул. Сиздин да жалгыз үмүтүңүз ушул!

Ыйса Петирге мындай деген: «… Шымон, Шымон! Шайтан силерди калбырдан буудай сыяктуу өткөрүүнү суранды. Бирок ишенимин жоготпосун деп, Мен сен үчүн сыйындым. Кайра кайрылганыңдан кийин, бир туугандарыңдын ишенимин бекемде» (Лука 22:21-32).

Ыйса эгерде кайра кайрылсаң дебейт, кайра кайрылгандан кийин дейт. Мен сен үчүн сыйындым! Сен сөзсүз кайтып келесиң. Ошондо сени Кудайдан четтөөдөн сактап, кайра кайрыган нерсе менин кудуреттүү ырайымым болот дейт.

Машаякчы бир тууганым, бул сизге да тиешелүү. Аягына чейин ишенимиңизди сактаган жалгыз үмүтүңүз ушул. Ушул үмүт менен сыймыктаныңыз.

«Өлүп, кайра тирилген, Кудайдын оң жагында отурган Машаяк Ыйса биз үчүн арачылык кылат» (Римдиктер 8:34).

Машаяк бизди кайра кайрыйт. Ошондуктан «кылымдар мурун жана азыр, түбөлүктөн түбөлүккө даңк, улуулук, кубат жана бийлик силерди жыгылуудан сактай ала турган… акылман Кудайыбыздыкы!» Оомийин! (Жүйүт 1:24-25).

«Ал бизди кайра кайрыйт» аттуу насааттан үзүндү