28-январь: Кантип тобо кылыш керек?

Jakshy Kabar Media

28-январь: Кантип тобо кылыш керек?

Жон Пайперден насаат сөз

«Эгерде күнөөлөрүбүздү мойнубузга алып ачык айтсак, ишенимдүү жана адилеттүү Кудай күнөөлөрүбүздү кечирет жана бизди бардык адилетсиздиктен тазалайт».

1 Жакан 1:9

Өзүбүздү жаман адам сездирген терс, жагымсыз жана түшүнүксүз сезимдерге ээ болуу күнөөнү моюнга алуу дегенди билдирбейт. Өзүбүздү жийиркеничтүү сезсек эле, тобо кылган болуп калбайбыз.

Бүгүн эртең менен сыйынып баштаганымда, ааламдын Жаратуучусу менен баарлашканга өзүмдү татыксыз сездим. Өзүмдү татыксыз сездирген бүдөмүк бир сезимдерге ээ болдум. Кудайга аны айтып бердим. Анан эмне кылыш керек эле?

Эмне күнөө кылганымды аныктап баштамайынча, эч кандай өзгөрүлүү болгон жок. Өзүбүздү жийиркеничтүү сезүүнүн аягы так бир күнөөлөрдү моюнга алуу менен бүтсө жакшы. Бирок бүдөмүк сезимдердин айынан өзүбүздү жаман адам сезүүдөн адатта майнап чыга бербейт.

Өзүбүздү татыксыз сездирген бүдөмүк (ачык эмес) ойлордун арасынан кандай тил албастык кылганыбызды так көрө алгандай болушубуз керек. Ошондо ал иштерибизди моюнга алып, тобо кылып, кечирим сурап, жакшы кабардын куралы менен аларды бутага алып, жок кыла алабыз.

Ошондуктан (бүгүн эртең менен) мен өзүм бат-бат бузган осуяттарды эстеп баштадым. Оюма төмөнкү осуяттар келди:

  • «Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, жан-дилиң менен, бүт акылың менен сүй». 95% эмес, 100% сүй. (Матай 22:37)
  • «Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды ошондой сүй». Өзүңө канчалык жакшылык кааласаң, башкаларга да ошончолук жакшылык каала. (Матай 22:39)
  • «Эмне иш кылсаңар да, арызданбагыла». Ичимен да, сыртыман да наалыбашым керек. (Филипиялыктар 2:14; КИ)
  • «Бардык түйшүктөрүңөрдү Ага тапшыргыла». Ошондо алардын жүгү мени басып салбайт. (1 Петир 5:7)
  • «Уккандарга пайдалуу боло турган, ишенимди бекемдей турган жакшы сөздөрдү сүйлөгүлө». Өзгөчө эң жакын адамдарыңа ушундай мамиле кыл. (Эфестиктер 4:29)
  • «Убакытты пайдалана билгиле». Убактыңды бекер коротпо, бекер жүрбө. (Эфестиктер 5:16)
  • Ушунча көп осуятты бузганым жалгандан ыйык болгонго жол бербеди! Айыптуу экенимди түшүндүм.

Мындай нерсе өзүбүздү жийиркеничтүү сездирген бүдөмүк сезимдерге караганда алда канча жаман. Бирок эми жашырынып жаткан душман ачыкка чыкты. Эмне күнөө кылганым аныкталды. Эми ага тик карай алам. Өзүмдү жийиркеничтүү сезгениме наалыбай, Машаяктын кайсыл осуяттарын бузганымды билип, Андан кечирим сурайм.

Эми өкүнүп, күнөөмө каарданып жатам. Өзүмдү эмес, аны өлтүргүм келет. Мен күнөөнү жек көргөн жана өлтүргөн адаммын. («Дене кумарларын… жок кылгыла», Колостуктар 3:5; «Денеңердин күнөөлүү иштерин тыйсаңар, анда өмүргө ээ болосуңар», Римдиктер 8:13). Мен жашагым келет. Ошондуктан мен өз күнөөмдү өлтүргөн адаммын!

Ушинтип күнөө менен алпурушуп жатканымда төмөнкү убаданы угамын: «Эгерде күнөөлөрүбүздү мойнубузга алып ачык айтсак, ишенимдүү жана адилеттүү Кудай күнөөлөрүбүздү кечирет жана бизди бардык адилетсиздиктен тазалайт» (1 Жакан 1:9). Анан тынчтыкка ээ боломун.

Эми сыйынуум кайрадан туура, мүмкүн жана күчтүү болот.

«Өзүмдү жийиркеничтүү сезгенимде, Кудайга кантип жакындайм» аттуу насааттан үзүндү