27-январь: Ал сиздин муктаждыктарыңызды билет.

Jakshy Kabar Media

27-январь: Ал сиздин муктаждыктарыңызды билет.

Жон Пайперден насаат сөз

«Ошондуктан: “Эмне жейбиз, эмне ичебиз?” же “Эмне киебиз?” – деп түйшүк тартпагыла. Анткени бутпарастар булардын баары үчүн түйшүк тартышат. Ал эми силердин ушунун баарына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет».

Матай 6:31-32

Ыйса Өзүнүн жолдоочулары түйшүктөн алыс болушун каалайт. Матай 6-бөлүм 25-34-аяттарда Ал бизди кабатырлануудан оолак кылуу үчүн, эң кеминде жети жүйөнү келтирет. Алардын биринде тамак-аш, суусундук жана кийим тууралуу сөз болот жана «Ал эми силердин ушунун баарына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет» деген сөздөр айтылат (Матай 6:32).

Ыйса бул аятта Кудай биздин муктаждыктарды билип эле койбостон, аларды толтурууну кааларын айтып жатат деп ойлойм. Ыйса биздин Атабыз бар экенине жана ал Атабыз жердеги атабыздан жакшыраак экенине басым жасап жатат.

Менин беш балам бар. Мен алардын муктаждыктарын толтурганды жакшы көрөм. Бирок мен алардын муктаждыктарын Кудайчалык биле албайм. Мунун эң кеминде үч себеби бар.

Биринчиден, ушул маалда балдарымдын кимиси кайда жүргөнүн билбейм. Алар өз үйлөрүндө же жумушта же мектепте болсо керек, сак-саламат жана аман-эсен жүрсө керек деп божомолдосом болот. Бирок алар көчөдө жүрөгү кармап кулап калган болушу да мүмкүн.

Экинчиден, мен алардын жүрөгүндө эмне бар экенин билбейм. Кез-кезде божомолдосом болот. Бирок алар коркуткан же (жүрөк) ооруткан же ачууланткан же кумарланткан же ач көздүккө түрткөн же кубаныч же үмүт берген сезимдерге ээ болуп жаткан болушу мүмкүн. Мен алардын жүрөгүн көрө албайм. Алар өздөрү да аны толук биле алышпайт.

Үчүнчүдөн, мен алардын келечегин билбейм. Азыр алар аман-эсен жана туруктуу абалда болушу мүмкүн. Бирок эртең кандайдыр бир чоң кайгыга батышы мүмкүн.

Демек, балдарым түйшүк тартпашы үчүн, мен аларга күчтүү жөлөк-таяк боло албайм. Аларга азыр бир нерсе болуп жаткан болушу же эртең бир нерсе болушу мүмкүн, бирок мен ал жөнүндө кабардар да болбой калышым мүмкүн. Бирок алардын асмандагы Атасы таптакыр мендей эмес. Асмандагы Атабыз! Ал биз жөнүндө баарын билет: Ал биз бүгүн жана эртең каякта болорубуздан жана ичибизде, сыртыбызда эмнелер болуп жатканынан кабардар. Ал биздин ар бир муктаждыгыбызды көрүп турат.

Ал билип эле тим болбостон, муктаждыктарыбызды толтурууну да абдан кааларын эске алыңыз. Матай 6-бөлүм 30-аяттагы «алардан артык» (алда канча жакшыраак) деген сөздөр эсиңизде болсун: «Бүгүн талаада өсүп турган, эртең болсо отко ыргытыла турган чөптү Кудай ушундай кийиндирсе, силерди алардан артык кийиндирбейби, ишеними аздар!»

Анын биздин муктаждыктарыбызды толтуруу каалоосун эле эмес, аларды толтурганга кудурети жетерин да эске алыңыз (Ал ар бир саатта дүйнө жүзүндөгү миллиардаган канаттууларды тамактандырып турат, Матай 6:26).

Ошондуктан, келиңиз, чогуу Ыйсанын биздин муктаждыктарыбызды толтурам деген убадасына ишенели. Ыйса «Ал эми силердин ушунун баарына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет» деген сөздөр менен бизди ушундай ишеним артууга чакырат.

«Сиздин Атаңыз эмнеге муктаж экениңизди билет» аттуу насааттан үзүндү