26-январь: Берүүчү даңкка ээ болот

Jakshy Kabar Media

26-январь: Берүүчү даңкка ээ болот

Жон Пайперден насаат сөз

«Ошондуктан биз Кудайыбыздын жана Теңирибиз Ыйса Машаяктын ырайымына ылайык Теңирибиз Ыйса Машаяктын ысымы силер аркылуу даңкталышы үчүн жана силер Ал аркылуу даңкталышыңар үчүн, Кудайыбыз силерди Өзүнүн чакырыгына татыктуу кылсын деп, жакшы иштерди кылууга болгон ниетиңерди ишке ашырсын деп, ишенимден улам кыла турган иштериңерди Өзүнүн күчү менен аягына чыгарсын деп, силер үчүн дайыма сыйынабыз».

2 Тесалоникалыктар 1:11-12

Кудайдын Өзүнүн даңкын ырайым көрсөтүү аркылуу чыгаргысы келгени – абдан кубанычтуу кабар.

Албетте, Кудай Өзүнүн даңкын каарынын күчү аркылуу да чыгарат (Римдиктер 9:22), бирок Жаңы Келишимде (Байыркы Келишимде да, мисалы, Ышайа 30-бөлүм 18-аятта) Кудай даңкталышы үчүн биз Анын ырайымын тажрыйбалашыбыз керектиги кайра-кайра айтылат.

Бул кандайча болорун түшүнүү үчүн, 2 Тесалоникалыктар 1-бөлүм 11-12-аяттардагы сыйынуу жөнүндө ой жүгүртүп көрөлү.

Пабыл Кудай биздин жакшы иштерди кылууга болгон ниетибизди ишке ашырсын деп сыйынат.

Бул кандайча болот? Ал муну Кудай «Өзүнүн күчү менен» кылсын деп сыйынат. Башкача айтканда, ошол иштерибиз «ишенимден улам кыла турган иштер» болсун дейт.

Эмне үчүн? Себеби ошондо Ыйса биз аркылуу даңкталат.

Бул берүүчү даңкка ээ болот дегенди билдирет. Кудай күчтү берди. Демек, Кудай даңкка ээ болот. Бизде ишеним бар, Кудай болсо күчтү берет. Биз жардамды алабыз, ал эми Кудай даңкка ээ болот. Ушундай кызматташууда биз момун жана бактылуу бойдон калабыз, ал эми Кудай эң жогорку орунга жана даңкка ээ болот.

Андан соң Пабыл Машаяктын ушундайча даңкталышы «Кудайыбыздын жана Теңирибиз Ыйса Машаяктын ырайымына ылайык» болорун айтат.

Пабыл бизди жакшы иштерди кылыш үчүн Кудайдын күчүнө таянсын деп сыйынганда, Кудай жооп катары Өз ырайымын берет. Биздин жакшы иштерди кылууга болгон ниетибизди ишке ашырыш үчүн, Кудай бизге күч катары Өз ырайымын берет.

Жаңы Келишимде ушундай нерсе кайра-кайра байкалат. Кудайдын сизди Өз ырайымы менен (жакшы иштерге) жөндөмдүү кылышына ишениңиз. Ошондо сиз алган жардам аркылуу Ал даңкталат.
Биз жардам алабыз. Ал эми Кудай даңкка ээ болот.

Ошондуктан машаякчынын Кудайга ишенип калышы эле эмес, күнүмдүк жашоосу да – бул жакшы кабар.

«Жакшы Кабар! Биз ырайымга таянсак, Кудай даңкталат» насааттан үзүндү