25-январь: Кечиккен куткарылуу

Jakshy Kabar Media

25-январь: Кечиккен куткарылуу

Жон Пайперден насаат сөз

«Ошол замат бардык эшиктер ачылып, бардыгынын кишендери бошоп калды».

Элчилердин иштери 16:26

Азыркы заманда Кудай Өз элин жамандыктардын баарынан эмес, кээ биринен куткарат. Муну билүү жаныбызды жубатат, себеби муну билбесек, кандайдыр бир жамандыкка кабылганыбызда, Кудай бизди унутуп койду же четке какты деп ойлоп алышыбыз мүмкүн.

Ошондуктан Элчилердин иштери 16-бөлүм 19-24-аяттарда Пабыл менен Сылас алгач жамандыктан куткарылбаса да, кийинчерээк 25-26-аяттарда куткарылганы бизге дем бериши керек.

Алгач Кудай аларды куткарган эмес:

  • «Пабыл менен Сыласты кармап алып, аянтка, башкаруучуларга сүйрөп барышты» (19-аят).
  • «Аскер башчылар болсо кийимдерин сыйрып алып, аларды таяк менен сабоого буйрук беришти» (22-аят).
  • «Аларды бир далай сабашкандан кийин, түрмөгө түртүп киргизишти да, түрмө сакчысына өтө сактык менен кайтарууну буйрук кылышты» (23-аят).
  • «Түрмө сакчысы аларды ички түрмөгө түртүп киргизип, буттарына жыгач кишен кийгизип койду» (24-аят).

Бирок андан кийин куткаруу келген:

Түн ортосу болуп калган убакта Пабыл менен Сылас сыйынып, Кудайды даңктап ырдашты. Туткундар болсо аларга кулак төшөштү. Бир маалда катуу жер титирөө болуп, түрмөнүн пайдубалы солкулдап кетти. Ошол замат бардык эшиктер ачылып, бардыгынын кишендери бошоп калды (25-26-аяттар).

Кудай эртерээк кийлигише алмак, бирок андай кылган жок. Мунун себеби бар. Ал Пабылды жана Сыласты сүйөт.

Сизге суроо: Сиз өз жашооңузду Пабылдын азапка кабылган жана кийинчерээк андан куткарылган өмүр жолуна салыштырсаңыз, азыркы учурда кандай жагдайдасыз? Кийимдериңиз сыйрылып, сабалган абалдасызбы же эшиктер ачылып, колуңуздагы кишендер бошоп калган абалдасызбы?

Эки абалда тең Кудай сиз үчүн кам көрөт. Ал сизди калтырып же таштап кеткен жок (Эврейлер 13:5).

Эгерде сиз кишенделген абалда болсоңуз, үмүтүңүз үзүлбөсүн. Ырдаңыз. Боштондук келе жатат. Маселе убакытта гана жатат. Өлүм аркылуу келсе да, баары бир келет. «Өлүм алдында турсаң да ишенимиңди бекем тут, ошондо мен сага түбөлүктүү өмүрдү сыйлык кылып берем» (Аян 2:10; КИ).

«Кудайдын камкордугунун эки баскычы: кишенделүү жана боштондукка чыгуу» аттуу насааттан үзүндү