24-январь: Башкаларга кызмат кылсак, Ыйса биздин камыбызды көрөт

Jakshy Kabar Media

24-январь: Башкаларга кызмат кылсак, Ыйса биздин камыбызды көрөт

Жон Пайперден насаат сөз

«Ыйса муну билип, аларга: “Силер эмне үчүн наныбыз жок деп жатасыңар? Дагы эле түшүнө элексиңерби? Дагы эле биле элексиңерби? Дагы эле жүрөгүңөр таш боюнчабы?” – деди».

Марк 8:17

Ыйса бир нече нан жана балык менен эле 5000 адамдын, андан соң 4000 адамдын курсагын тойгузгандан кийин, шакирттери өздөрүнө жетишерлик нан албай кайыкка түшүп бир жакка жөнөшкөн эле.

Анан алар жолдо жээрге тамагы жок калганы жөнүндө сүйлөшүп жатышканда, Ыйса: «Силер эмне үчүн наныбыз жок деп жатасыңар? Дагы эле түшүнө элексиңерби?», – деген (Марк 8:17). Алар эмнени түшүнө алган эмес эле?

Алар тамак-аш эмне себептен артып калганын, башкача айтканда, алар башкалар үчүн кам көрсө, Ыйса алар үчүн кам көрөрүн түшүнбөй калышкан эле. Ошондуктан Ыйса аларга мындай деген:

«“Мен беш нанды беш миң адамга бөлүп бергенимден кийин, артып калган нанды чогултканыңарда, канча себет толду эле?” – деди. Алар Ага: “Он эки”, – дешти.
“Ал эми жети нанды төрт миң адамга бөлүп бергенимден кийин, артып калган нанды чогултканыңарда, канча себет толду эле?” “Жети”, – дешти.
Ошондо Ыйса аларга: “Кантип түшүнбөйсүңөр?” – деди» (Марк 8:19-21).

Алар эмнени түшүнбөй калган эле? Артып калган тамак-аштын маанисин.

Артып калган тамак-аш кызмат кылгандар үчүн калтырылган эле. Керек болсо, биринчи жолу он эки шакирт тең элге кызмат кылганда, аягында он эки себет толтура тамак-аш – бир шакиртке бир себеттен артып калган эле (Марк 6:43). Экинчи жолу кызмат кылышканда, молчулукту жана толуктукту билдирген жети деген сандагы себет артып калган эле.

Шакирттер эмне үчүн муну түшүнгөн эмес? Ыйса алар үчүн кам көрөрүн эмне үчүн байкашкан эмес? Ыйсаны эч качан карыз болуп калбарын түшүнүшкөн эмес. Сиз жашооңузду башкаларга кызмат кылууга арнасаңыз, сиздин өзүңүздүн муктаждыктарыңыз толтурулат. «Менин Кудайым силердин бардык кем-карчыңарды Машаяк Ыйса аркылуу Өзүнүн даңктуу байлыгы менен толуктайт» (Филипиялыктар 4:19).

«Артып калган нан менен балык – Ыйсанын камкордугунун белгиси» аттуу насааттан үзүндү