23-январь: Кудайга түз барыңыз!

Jakshy Kabar Media

23-январь: Кудайга түз барыңыз!

Жон Пайперден насаат сөз

«Ошол күнү Атамдан Менин ысымым урматына сурайсыңар. Ошондо Мен силерге: “Атамдан силер үчүн өтүнүп сурайм”, – деп айтпайм. Анткени Атам Өзү силерди сүйөт. Себеби силер Мени сүйөсүңөр жана Кудайдан келгениме ишендиңер».

Жакан 16:26-27

Кудайдын Уулу канчалык деңгээлде Арачы болсо, Аны ошончолук гана колдонуңуз.

Ыйса: «Ошондо Мен силерге: “Атамдан силер үчүн өтүнүп сурайм”, – деп айтпайм», – дейт. Башкача айтканда, Атага биз түз бара албай тургансып, Ыйса ортобузда арачы боло берберин айтып жатат. Эмне үчүн? «Анткени Атам Өзү силерди сүйөт».

Бул абдан таң калыштуу. Ыйса бизге Кудуреттүү Кудай Өзүнүн алдына биздин түз барышыбызды каалабайт деген ойдон алыс болушубуз керектигин эскертип жатат. Биз Кудайга «түз» бара аларыбызды Ал төмөнкүдөй мааниде айткан: «Мен силердин өтүнүчүңөрдү Кудайга алып барбайм. Силер Ага өзүңөр түз кайрылсаңар болот. Ал силерди сүйөт. Силердин кайрылышыңарды каалайт. Ал силерге каарданбайт».

Албетте, эч бир күнөөкөр адам Ыйсанын каны аркылуу гана болбосо, Атанын алдына такыр бара албары толук чындык (Эврейлер 10:19-20). Ал азыр биз үчүн арачылык кылат (Римдиктер 8:34; Эврейлер 7:25). Ал азыр Атанын алдындагы биздин Жактоочубуз болуп саналат (1 Жакан 2:1). Ал – Кудайдын тактысынын алдында турган биздин Башкы ыйык кызмат кылуучубуз (Эврейлер 4:15-16). Ал: «Атама Мен аркылуу гана барууга болот, Менсиз эч ким бара албайт», – дейт (Жакан 14:6).

Ооба. Бирок Ыйса бизди Өзүнүн арачылыгын өтө эле ашыкча колдонуудан сактайт. «Ошондо Мен силерге: “Атамдан силер үчүн өтүнүп сурайм”, – деп айтпайм. Анткени Атам Өзү силерди сүйөт». Ыйса Атанын жанында. Ал Атанын бизге каршы козголгон каарынын кайтканын дайыма күбөлөндүргөн тирүү жана түбөлүктүү күбө катары ошол жерде турат.

Бирок Ал ал жерде бизге арачылык кылуу үчүн же бизди Атадан алыс кармоо үчүн же Атанын жүрөгү бизге карата ачык эмес экенин, Анын бизге жакшылык кылууга көңүлү жок экенин айтып туруу үчүн турган жок. Тескерисинче, Ал: «Анткени Атам Өзү силерди сүйөт», – деп жатат.

Ошондуктан Атанын алдына барыңыз. Ага кайраттуулук менен жакындаңыз (Эврейлер 4:16). Чоң үмүт менен барыңыз. Атабыз бизге жылмаю менен карайт деп үмүттөнүп барыңыз. Коркконуңуздан эмес, кубанычка батканыңыздан титирөө менен барыңыз.

Ыйса: «Мен Кудайга жол ачтым. Эми ал жолду тосуп туруп албайм», – деп жатат. Барыңыз.

«Ыйса канчалык деңгээлде арачы болсо, Аны ошончолук гана колдонуңуз» аттуу насааттан үзүндү