22-январь: Биз баарын башкара турган болобуз.

Jakshy Kabar Media

22-январь: Биз баарын башкара турган болобуз.

Жон Пайперден насаат сөз

«Мен жеңип чыгып, Атамдын жанына, Анын тактысына отурганымдай эле, жеңип чыккан адамды Өзүмдүн жаныма, тактыма отургузам».

Аян 3:21

Ыйса бул сөздөр менен Лаодикеядагы жыйынга эмнени айткысы келген? Ишенгендер чындап эле Ыйса менен чогуу бир тактыда отурабы?

Коркунуч туудурган эч бир азап-кайгыга жана күнөөнүн азгырыктуу жыргалчылыктарына алдырбай, жеңип чыккан, б.а. аягына чейин ишенген ар бир адамга ушундай убада берилет (1 Жакан 5:4). Демек, эгерде сиз Ыйсага чындап ишенсеңиз, анда сиз Кудай Атанын тактысында Кудайдын Уулунун жанында отурасыз.

Мен Кудайдын тактысына отуруу дегенди ааламды башкаруу үчүн берилген укукка жана бийликке ээ болуу деп түшүнөм. Ыйса ошол жерде отурат. Пабыл: «Анткени Ал бардык душмандарын Өзүнүн бут алдына жыкканга чейин бийлик жүргүзүүгө тийиш», – дейт (1 Корунттуктар 15:25). Демек, Ыйса: «Жеңип чыккан адамды Өзүмдүн жаныма, тактыма отургузам», – дегенде, Өзүнүн бардык нерсенин үстүнөн болгон бийлигин биз менен бөлүшөрүн убада кылып жатат.

Пабыл да төмөнкү аяттарда ушул жөнүндө кеп кылып жатабы? «Бардыгын Анын бут алдына багындырган жана Аны бардыгынын үстүнөн, Жыйындын Башчысы кылып койгон. Жыйын – Анын Денеси, бардыгын бардык жагынан Толтуруучунун толуктугу» (Эфестиктер 1:22-23).

Биз Жыйын катары «бардыгын бардык жагынан Толтуруучунун толуктугубуз». Бул эмнени билдирет? Менин оюмча, бул сөздөр аалам Теңирдин даңкына толот дегенди билдирет (Сандар 14:21). Ошол даңк бир жагынан Анын бардык булуң-бурчтарга тараган жана баарын толугу менен өзүнө багындырган бийлигин билдирет.

Ошондуктан Эфестиктер 1-бөлүм 23-аятты мындай түшүнсөк болот: Ыйса биз аркылуу бул ааламды Өзүнүн даңктуу башкаруусуна толтурат. Биз Анын бийлигин бөлүшүү аркылуу аны толук кылабыз. Биз Анын атынан, Анын күчү менен жана Анын бийлиги астында башкарабыз. Аны менен чогуу бир тактыда отуруу деген ушуну билдирет.

Азыр эч бирибиз муну тиешелүү деңгээлде сезе албайбыз. Бул бийлик өтө чоң – өтө жакшы жана өтө ажайып нерсе. Мына ушул себептен Пабыл: «Ал чакырып алганда ээ болгон үмүтүңөр эмне экендигин жана Анын ыйыктарга бере турган даңктуу мурасынын молдугу кандай экендигин… таанып билишиңер үчүн, жүрөгүңөрдүн көздөрүн ачсын деп сыйынып жатам», – дейт (Эфестиктер 1:18).

Кудуреттүү Кудай бизге жардам бербесе, биз өзүбүздү канчалык ажайып тагдыр күтүп турганын азыр сезе албайбыз. Бирок бизге ошону тиешелүү деңгээлде сезүү жөндөмү берилсе, бул дүйнөгө карата болгон сезимдерибиз өзгөрмөк. Ошондо Жаңы Келишимдеги толук аткарууну талап кылган жана кызыктай сезилген осуяттар мурункудай түшүнүксүз болбой калмак.

«Ыйык Китептеги эң таң калыштуу убада ушул болсо керек» аттуу насааттан үзүндү