21-январь: Кубанычтын бекем негизи

Jakshy Kabar Media

21-январь: Кубанычтын бекем негизи

Жон Пайперден насаат сөз

«Мен үчүн кордук көрсөңөр, Мен үчүн куугунтукталсаңар, Мен үчүн жалган жалаага калсаңар, бактылуусуңар».

Матай 5:11

«Бирок жиндердин силерге баш ийгенине эмес, асманда ысымыңардын жазылганына кубангыла».

Лука 10:20

Ыйса биздин бакытыбызды азап-кайгы жана ийгиликтин коркунучунан коргоонун бир сырын ачып берген. Бул сыр «асмандагы сыйлыгыңар чоң» деген сөздөрдө камтылган. Эң чоң сыйлык – бул Ыйса Машаяктын даңкына толук бөлөнүү (Жакан 17:24).

Ыйса төмөнкү сөздөрдү айтуу менен биздин бакытыбызды азап-кайгынын коркунучунан сактайт:

«Мен үчүн кордук көрсөңөр, Мен үчүн куугунтукталсаңар, Мен үчүн жалган жалаага калсаңар, бактылуусуңар. Кубанып шаттангыла, анткени асмандагы сыйлыгыңар чоң! Силерден мурунку пайгамбарларды да ушинтип куугунтукташкан» (Матай 5:11-12).

Асмандагы чоң сыйлыгыбыз биздин кубанычыбызды башыбыздан кечирген куугунтук жана кордуктун коркунучунан коргойт.

Ошондой эле, Ыйса төмөнкү сөздөрдү айтуу аркылуу биздин кубанычыбызды ийгиликтин коркунучунан сактайт:

«Бирок жиндердин силерге баш ийгенине эмес, асманда ысымыңардын жазылганына кубангыла» (Лука 10:20).

Ыйсанын шакирттери кызматтагы ийгиликтен кубаныч алганга азгырылган: «Теңир, Сенин атыңды атаганда, бизге жиндер да баш ийишти» (Лука 10:17). Бирок мындай кылуу кубанычтын чыныгы ишенимдүү булагынан баш тартууну билдирмек.

Ошондуктан Ыйса шакирттерине асмандагы чоңураак сыйлыкты убада кылуу аркылуу, алардын кубанычын ийгиликтин коркунучунан коргогон. Ыйса асманда ысымдарыбыз жазылганына кубанышыбыз керектигин айткан. Биз түбөлүктүү, түгөнгүс мураска ээ экенибизди айткан.

Биздин кубанычыбыз коопсуз жайда сакталган. Азап-кайгы да, ийгилик да анын негизин кыйрата албайт. Асмандагы сыйлыгыбыз чоң. Биздин ысымдарыбыз асманда жазылган. Кубанычыбыз коопсуз.

Ыйса азап чеккен ыйыктардын бакытын асмандагы сыйлыкка байлап койгон. Ийгиликтүү ыйыктардын бакытын да ошол эле жерге байлап койгон.

Ошентип ал бизди дүйнөнүн азаптарынын, жыргалчылыктарынын жана ийгиликтеринин кысымынан бошоткон.

«Чың кубанычтын сыры» аттуу насааттан үзүндү.