20-январь: Эстетүү үчүн болгон күрөш

Jakshy Kabar Media

20-январь: Эстетүү үчүн болгон күрөш

Жон Пайперден насаат сөз

«Мен өз жүрөгүмө мындай деп жооп берип, үмүт кылып жатам: “Теңир ырайымдуу болгондуктан, биз жок болуп кеткен жокпуз, анткени Анын ырайымы түгөнгөн жок”».

Жеремиянын ыйы 3:21-22

Үмүттүн чоң душмандарынын бири – бул Кудайдын убадаларын унутуу. Ошондуктан аларды эске салуу чоң кызмат болуп саналат. Петир жана Пабыл өз каттарын ушул максат менен жазышканын айтышат (2 Петир 1:13; Римдиктер 15:15).

Бизге билишибиз керек болгон нерселерди эстетип турган эң негизги Жардамчы – бул Ыйык Рух (Жакан 14:26). Бирок биз өзүбүз эч нерсе кылбай, жамбаштап жата бербешибиз керек. Сиз өзүңүздүн эстетүү кызматыңыз үчүн гана жоопкерсиз. Ал эми сиздин эстетүүңүзгө муктаж болгон биринчи адам сиз өзүңүзсүз.

Биздин акылыбыз чоң күчкө ээ: ал өзүнө өзү бир нерселерди эстетип, өзүнө сүйлөй алат. Төмөнкү аятта айтылгандай, акылыбыз өзүнө өзү жооп бере алат: «Мен өз жүрөгүмө [б.а. акылыма] мындай деп жооп берип, үмүт кылып жатам: «Теңир ырайымдуу болгондуктан, биз жок болуп кеткен жокпуз» (Жеремиянын ыйы 3:21-22).

Эгерде биз Кудай Өзү жөнүндө жана биз жөнүндө эмне дегенин өзүбүзгө эстетпесек, куурап калабыз. Мен муну өзүмдүн башымдан өткөн оор тажрыйбамдан абдан жакшы билем! Өзүңүздүн акылыңыздагы кудайсыз ойлордун баткагына оонап жата бербеңиз. Андай ойлор «Мен кыла албайм…», «Ал кылбайт…» «Алар эч качан…» «Бул эч качан ишке ашкан эмес…» деген ойлор болушу мүмкүн.

Кеп бул ойлордун туура же туура эместигинде эмес. Сиздин акылыңыз бул ойлорду дайыма туура кылуунун жолун таап алат. Буга жол бербөө үчүн, сиз өз акылыңызга мындан да чоңураак бир чындыкты эстетишиңиз керек. Кудай – мүмкүн эмес нерселерди мүмкүн кылган Кудай. Чыгууга жол жок бир жагдайдан чыгуунун жолдорун издегенден көрө, өзүңүзгө Кудай мүмкүн болбогон нерселерди мүмкүн кыларын эстетсеңиз, мындан майнап чыгат.

Өзүбүзгө Кудайдын улуулугун, ырайымын, кудуретин жана акылмандыгын эстетпесек, санаага батып, келечекке болгон үмүтүбүз такыр эле өчөт. «Мен акылсыз элем, түшүнчү эмес элем; сенин алдыңда мал сыяктуу элем» (Забур 72:22).

76-забурда үмүтсүз маанайдын катуу өзгөрүлүп, үмүткө толгон маанайга алмашышы төмөнкү сөздөрдөн башталат: «Теңирдин иштерин эске салам. Сенин мурунку кереметтериңди эске салам. Сенин бардык иштериң жөнүндө ой жүгүртөм, Сенин улуу иштериң жөнүндө ойлоном» (Забур 76:12-13).

Менин жашоомдо ушундай чоң күрөш бар. Сиздин жашооңузда да ошондой болсо керек. Бул эстетүү үчүн болгон күрөш! Биринчи өзүбүзгө, андан соң башкаларга эстетип турушубуз керек.

«Өзүбүзгө эстетүү кызматы» аттуу насааттан үзүндү.