19-январь: Жаман жетекчиге кантип кызмат кылуу керек?

Jakshy Kabar Media

19-январь: Жаман жетекчиге кантип кызмат кылуу керек?

Жон Пайперден насаат сөз

«Адамдарга эмес, Теңирге кызмат кылгандай, тырышчаактык менен кызмат кылып баш ийгиле. Анткени кул болобу, эркин адам болобу, ар ким өзүнүн кылган жакшы ишине жараша Теңирден тиешесин аларын билесиңер».

Эфестиктер 6:7-8

Бул аяттарда жумушуңузга тиешелүү болгон төмөнкү беш нерсе жөнүндө ой жүгүртүңүз:

  1. Кудайды толугу менен биринчи орунга коюп жашашыбыз керек.

Бул чакырык биз үчүн өтө таң калыштуу, себеби биздин адаттагы жашообуз мындан таптакыр башкача. Пабыл ар бир ишибизди биз жетекчибиз үчүн эмес, Машаяк үчүн жасагандай жасашыбыз керектигин айтат. Ал «адамдарга эмес, Теңирге кызмат кылгандай» тырышчаактык менен кызмат кылганга чакырат.

Демек, жумушубузда кандай гана иш кылбайлы, эси-дартыбыз Теңирде болушу керек. Ал үчүн өзүбүзгө мындай суроолорду берсек болот: Эмне үчүн бул ишти жасасам, Теңирге жакмак? Теңир бул ишти кантип жасашымды кааламак? Бул ишти качан жасашымды кааламак? Теңир мага муну жасаганга жардам береби? Бул иш Теңирдин кадыр-баркына кандай таасир этет? Кыскасы, машаякчы болуу Теңирди толугу менен биринчи орунга коюп жашоо жана иштөө дегенди билдирет.

2. Жакшы адам болушубуз керек.

Теңирди биринчи орунга коюп жашоо жакшы адам болууну жана жакшы иштерди кылууну билдирет. Пабыл «тырышчаактык менен» (б.а. ак көңүлдүк менен) кызмат кылганга жана жакшы иштерди жасаганга чакырат. Ал эми Ыйса биздин жарыгыбыз адамдардын алдында жаркырап турушу керектигин, ошондо адамдар биздин «жакшы иштерибизди» көрүп, асмандагы Атабызды даңктарын айтат (Матай 5:16).

3. Жердеги бизди баалабаган жетекчилерибизге жакшы кызмат кылганга бизде күч бар.

Пабыл машаякчыларды Теңирди биринчи орунга койгонго ниеттендирип, жакшы мамиле жасабаган кожоюндарга жакшы кызмат кылууга дем-күч бергиси келет. Жетекчиңиз сиздин ишиңизди баалабаса же, алтургай, сизди жемелесе, андай жетекчиңизге кантип жакшы кызмат кылганды уланта бересиз? Пабыл буга мындай деп жооп берет: жетекчиңиз сиздин ишиңизге көз салган жалгыз эле адам деп ойлоону токтотуп, Теңир карап тургандай кызмат кылып баштаңыз. Жердеги жетекчиңиз мойнуңузга жүктөгөн милдеттерди дал ушундай ой менен аткарыңыз.

4. Эч бир жакшы ишибиз текке кетперин билүү бизге дем-күч берет.

Балким, жогорудагы аяттардагы эң укмуштуу сүйлөм ушул болсо керек: «Ар ким өзүнүн кылган жакшы ишине жараша Теңирден тиешесин аларын билесиңер». Укмуш! Ар бир жакшы иштин тиешеси бар! «Ар ким» деген сөз ким кандай гана жакшы иш кылбасын, тиешесин алат дегенди билдирет. Сиз жасаган ар бир кенедей жакшы ишиңизди Теңир көрөт, баалайт жана сизге тиешелүү сыйлыкты берет.

Ал эмгегиңизди кайтарат. Бирок сиз Аны карыздар кылып, бир нерсенин акысын сурай алганыңыз үчүн, кайтарбайт. Ал – сиздин жана ааламдагы бардык нерселердин кожоюну. Ал сизге такыр карыздар эмес. Бирок Ал бизге ишеним менен жасаган бардык жакшы иштерибиз үчүн сыйлык берүүнү өз эрки жана ырайымы менен чечет.

5. Жерде ээлеген төмөн ордубуз асманда чоң сыйлык алганга эч кандай тоскоолдук кыла албарын билүү бизге дем-күч берет.

Теңир «кул болобу, эркин адам болобу» ар бир адамдын иштерине жараша сыйлыгын берет. Сиздин жетекчиңиз сизди эч кимге теңебеши мүмкүн, мындайча айтканда, кулдай эле көрүшү мүмкүн. Алтургай, сиздин бар экениңизди да билбеши мүмкүн. Бул маанилүү эмес. Теңир сиздин бар экениңизди билет. Ошондуктан ишенимдүүлүк менен кылган эч бир кызматыңыз текке кетпейт.

«Жумушта Теңирдин көз алдында кызмат кылгандай иштөө» аттуу насааттан үзүндү.