Жон Пайперден насаат сөз
«Бүгүн же эртең баланча шаарга барып, ал жерде бир жыл жашап, соода кылып пайда табабыз», – дегендер, кулак салгыла, силер, эртең эмне болорун билбегендер, силердин өмүрүңөр эмне? Пайда болуп, кайра тез эле жок болуп кеткен буу. Анын ордуна «Кудай буюрса, аман болсок, тигини же муну кылабыз» дешиңер керек эле. Бирок силер текебер болгондуктан, курулай мактанып жатасыңар. Мындай курулай мактанчаактыктын баары – жаман нерсе».
Жакып 4:13-16
Жакып жашообузда текебердик менен кекирейгендиктин тымызын аракеттери кандайча байкалары жөнүндө кеп кылып жатат. «Курулай мактанып жатасыңар. Мындай курулай мактанчаактыктын баары – жаман нерсе».
Адамды өзүнө таянууга азгырган үч түрдүү нерсени – акылмандыкты, бийликты жана байлыкты – ала турган болсок, алардын күчү адамды биротоло текебер болгонго, б.а. Кудайдын бар экенин танганга катуу түрткү берет. Адам өзүнүн көзүндө эң бийик көрүнүшү үчүн, өзүнөн жогору болгон бардык нерсени четке кагат.
Мына ошондуктан текебер адамдар башка адамдарды теңсинбөө (өзүн өйдө көтөрүп, төмөн кароо) менен алек болушат. Клайв Стейплз Льюис айткандай: «Текебер адам дайыма башка нерселерди жана адамдарды үстүдөн карайт; албетте, дайыма үстүдөн төмөн караган (эч качан жогоруну карабаган) адам өзүнөн жогору болгон нерсени (Кудайды) көрө албайт» («Нукура машаякчылык» китебинен).
Бирок өзүбүздүн көзүбүздө эң бийик болуунун оңоюраак жолу бар: бул – биз өйдө карагыдай бизден жогору болгон эч ким жок деп жарыялоо. «Кудайсыз өзүнүн менменсингендиги менен Теңирди тоотпой жатат… Ал дайыма: “Кудай жок!” – деп ойлойт» (Забур 9:25). Акыр-аягы текебер адам Кудай жок экендигине өзүн ишендириши керек.
Мунун бир себеби, текебер адам каалайбы же жокпу, Кудайдын бар экендиги жашоонун бардык чөйрөлөрүнө өз таасирин катуу тийгизгендигинде. Текебер адам Кудай аалам менен тыгыз байланышта болуп, аны башкарып турат деген чындыкты көтөрө албайт, ал эми өзүнүн жашоосундагы кылып жаткан майда-чүйдө иштерине Кудайды андан бетер жолоткусу келбейт.
Текебер адам Кудайдын кудуреттүү бийликке ээ экендигин жактырбайт. Ошондуктан ал Кудайдын бар экенин кабыл алгысы келбейт, себеби ал үчүн Кудай бар болсо, анда ал Анын эң жогорку бийлигине баш ийиш керек болуп калат. Текебердик «Кудай жок!» деген же «Ыйсанын туулган күнүнө арналган майрамда тигил же бул шаарга барам» деген сөздөрдөн байкалышы мүмкүн.
Жакып: «Өзүңөргө анчалык көп ишенбегиле», – дейт. Анын ордуна: «Кудай буюрса, аман-эсен болсок, Ыйсанын туулган күнүнө арналган майрамда тигил же бул жакка барып келебиз», – деп айтуу керек.
Жакып биз тигил же бул шаарга жетер же жетпешибизди, ушул насаат сөздү аягына чейин укканча тирүү болорубузду же болборубузду Кудай чечерин айткысы келет. Өзүнөн башка эч кимге муктаж болгусу келбеген текебер адамга мындай сөз – жашообуз өзүбүздүн колубузда эмес экендиги, ушул насаат сөздүн аягына чыкканча эле инсульт болуп өлүп калышыбыз да мүмкүн экени өтө катуу тиет!
Жакып кудуреттүү бийлиги бар Кудайдын биздин келечегибизди майда-чүйдөсүнө чейин толук башкарганга укугу бар экенине ишенбөө менменсингендик экенин айтат.
Мындай менменсингендикке каршы туруу үчүн жашообуздагы майда-чүйдө иштерде да Кудайдын кудуреттүү бийлигине моюн сунушубуз керек. Ошондой эле, Ал Өзүнүн бекем убадаларына ылайык, биз үчүн кудуреттүү иштерди жасарына (2 Жылнаама 16:9), Өзүнүн берекеси менен ырайымы бизди күн сайын коштоп жүрө тургандай кыларына (Забур 22:6), Өзүнөн үмүт кылгандар үчүн көп иштерди жасарына жана бизди Өзүнүн даңкын чыгарып жашаганга толугу менен жөндөмдүү кыларына (Эврейлер 13:21) толук үмүт артышыбыз керек.
Кыскасы, текебердиктин дабасы – бул Кудуреттүү Кудайдын келечектеги ырайымына болгон бекем ишеним.
«Келечектеги ырайым» аттуу китептен үзүндү (90-бет).