17-январь: Нукура ишенимге ээ болгон адам Машаяктын келишин эңсейт

Jakshy Kabar Media

17-январь: Нукура ишенимге ээ болгон адам Машаяктын келишин эңсейт

Жон Пайперден насаат сөз

«Ошентип, Машаяк да көп адамдардын күнөөлөрүн моюндап, бир жолу курмандыкка чалынды. Кайтып келгенде болсо күнөөлөр менен алек болуу үчүн эмес, Өзүн эңсеп күтүп жүргөндөрдү куткаруу үчүн келет».

Эврейлер 9:28; КИ котормосу

Күнөөлөрүңүз Машаяктын каны менен жуулганына жана Ал келгенде сизди Кудайдын каарынан коргоп, түбөлүк өмүргө киргизерине бекем ишенимиңиз болушу үчүн эмне кылышыңыз керек? Жооп мындай: Машаяктын келишин эңсей тургандай болуп Ага ишеним артышыңыз керек.

Жогорудагы аятта Ал «Өзүн эңсеп күтүп жүргөндөрдү» куткаруу үчүн келери айтылат. Анда Анын келишине кантип даяр болосуз? Машаяк аркылуу Кудайдын кечиримин сезип, Аны тосуп алууга кандайча даярданасыз? Анын келишин эңсеп күтө тургандай ишенимге ээ болуу аркылуу.

Машаякты чыдамсыздык менен күтүү – бул Аны сүйөрүбүздүн жана Ага чын дилибизден жана нукура ишеним менен ишенерибиздин белгиси.

Тозоктон гана кутулууну каалаган, бирок Машаяктын келишин каалабаган жалган ишеним бар. Мындай ишеним куткарбайт. Бул ишеним Машаяктын келишин чыдамсыздык менен күттүрбөйт. Тескерисинче, бул ишеним Машаяк мүмкүн болушунча узак мөөнөткө келбесе жакшы болмок дейт, анткени бул дүйнөнүн жашоосу менен мүмкүн болушунча көбүрөөк жашагысы келет.

Ал эми Машаякка Куткаруучу, Теңирибиз, Байлыгыбыз, үмүтүбүз жана кубанычыбыз катары чындап жана бекем таяндырган ишеним бизге Анын келишин эңсетет. Ушундай ишеним бизди куткарат.

Ошондуктан мен сизди бул дүйнөлүк жашоодон жана күнөөдөн баш тартууга чакырам. Машаякка кайрылыңыз. Аны кабыл алыңыз, Ага кучагыңызды жайыңыз, Аны тозоктон куткаруучу катары эле эмес, чыдамсыздык менен күткөн эң баалуу нерсеңиз, досуңуз жана Теңириңиздей кабыл алыңыз.

«Машаяк экинчи жолу келгенде эмне кылат?» аттуу насаат сөздөн үзүндү.