16-январь: Текке кеткен сөздөр

Jakshy Kabar Media

16-январь: Текке кеткен сөздөр

Жон Пайперден насаат сөз

«Ашкерелегенге сөз ойлоп жатасыңарбы? Сөзүңөрдү текке кетирип жатасыңар».

Аюб 6:26

Адамдар кайгыга жана азапка малынып, үмүтсүз абалда турган кезде адатта айтпаган сөздөрдү айтышат. Өздөрүнүн жагдайын адаттагы «күн чыгып турган» күндөгүдөн башкача кылып, күңүрт боёктор менен сүрөттөшөт. Кайгылуу маанайдагы ырларды гана ырдап, андан башка ырдай турган нерселер жоктой иш кылышат. Булуттарды гана көрүшүп, алардын аркасында көк асман жоктой сүйлөшөт.

Алар «Кудай кайда?», «Алдыга умтулуудан пайда чыкпайт», «Жашоонун мааниси жоголду», «Мен үчүн эч кандай үмүт жок», «Эгер Кудай жакшы болсо, мындайга жол бербейт эле» деген сөздөрдү айтып наалышат.

Биз мындай сөздөрдү укканыбызда эмне кылышыбыз керек?

Аюб мындай адамдарды ашкерелөөнүн кереги жок дейт. Бул сөздөр текке кеткен, же сөзмө-сөз которгондо «шамалга айтылган сөздөр». Аларды шамал бат эле учуруп кетет. Жагдайлар өзгөрө турган күн келет, ошондо үмүтсүз адам караңгы түндөн ойгонот жана ойлонбой туруп айтып алган сөздөрү үчүн өкүнөт.

Ошондуктан ушул сыяктуу сөздөрдү айткандарды ашкерелөөгө убактыбызды жана күчүбүздү коротпойлу. Аларды шамал өзү эле учуруп кетет. Күзүндө жалбырактарды бутактардан түшүрбөй кармап туруунун кажети жок. Бул текке кеткен аракет. Анткени алар баарыбир күбүлүп түшүшөт.

Адамдардын маңызсыз сөздөрүнөн Кудайды жана, кээде, чындыкты коргой калганга ушунчалык ашыгып турабыз! Эгер биз кыраакы болсок, маңыздуу (негиздүү) сөздөр менен шамалга учуп кетчү сөздөрдүн айырмасын билмекпиз.

Адашууга жана жамандыкка бекем түптөлгөн сөздөр да бар. Бирок жаман сөздөрдүн баары эле жаман жүрөктөн чыга бербейт. Айрым сөздөр негизинен оору жана үмүтсүздүктөн кыйналган жүрөктөн чыгат. Сиз уккан нерсе жүрөктүн түпкүрүнөн келип чыккан сөздөр эмес. Ички дүйнө чыныгы караңгылыкка кабылгандыктан, андан ушундай сөздөр чыгат. Бирок убактылуу – өтүп кетчү жугуштуу оору сыяктуу болгон – бул сөздөр адамдын чыныгы жан дилин эмес, оор абалын чагылдырат.

Ошондуктан, келиңиз, бизге, Кудайга жана чындыкка каршы айтылган сөздөр менен жөн гана шамалга айтылган – чын дилден эмес, жаралардын себебинен айтылган сөздөрдүн айырмасын билгенди үйрөнөлү. Эгер алар шамалга айтылган сөздөр болсо, анда биз унчукпай күтөлү жана ашкерелебейли. Биздин сүйүүбүздүн максаты жараны козгоо эмес, жанды калыбына келтирүү эмеспи.

«Сөздөр шамалга айтылганда» аттуу насаат сөздөн үзүндү.