Жон Пайперден насаат сөз
«Бирок ырайымга бай Кудай бизге болгон улуу сүйүүсү менен кылмыштарыбыздын айынан өлгөн бизди да Машаяк менен бирге тирилтти (ырайымдын негизинде куткарылдыңар), бизди Машаяк менен бирге тирилтип, Машаяк Ыйса аркылуу асманга отургузду».
Эфестиктер 2:4-6
Биз «кылмыштарыбыздын айынан өлүк» болгон кезибизде эле Кудай бизди Машаяк менен бирге тирилткен. Анын ушул чечүүчү иши бизди тобо кылууга (Ага ишенип калганга) алып келген. Башкача айтканда, биз Кудай үчүн өлүк болчубуз. Кудайга жооп бере албай турган абалда элек, чыныгы рухий сезимибиз же кызыгуубуз жок эле, Машаяктын сулуулугун көрө алган рухий көздөрүбүз да жабык эле жана эң маанилүү болгон нерселердин баарына карата жөн эле өлүк элек.
Ошондо, биз Кудайдын даңкына татыктуу идиш болушубуз үчүн бир нерсе кыла электе эле, Кудай бизге эч кандай шарт койбойстон, Өзү чара көрдү. Ал бизди тирилтти. Бизге Машаяктын даңкын көрсөтүү үчүн, бизди рухий өлүм уйкусунан ойготту. Өлүк болгон рухий сезимдерибизге керемет жол менен жан кирди.
Эфестиктер 2-бөлүм 4-аятта айтылгандай, Кудай Өз «ырайымы» менен ушундай иш кылды. Башкача айтканда, Кудай биздин өлүк экенибизди көрүп, аяды. Түбөлүк өлүмгө жана азап-кайгыга алып баруучу күнөөнүн коркунучтуу жазасы эмне экенин Ал билди. «Ырайымга бай Кудай… бизди… тирилтти». Анын мол ырайымы муктаж болгон бизге төгүлдү. Бирок бул аятта абдан укмуштуу бир нерсени байкасак болот: Пабыл айтып жаткан оюн бөлүп, ага «ырайымдын негизинде куткарылдыңар» деген сөздөрдү кошот. «Бирок ырайымга бай Кудай… бизди да Машаяк менен бирге тирилтти (ырайымдын негизинде куткарылдыңар)».
Пабыл 8-аятта бул сөздөрдү дагы бир жолу кайталайт. Анда эмне үчүн ал 4-аятта өзүнүн оюн бөлүп, ушундай сөздөрдү кошуп жатат? Анын үстүнө, 4-аятта өлүк жана аянычтуу абалда болгон бизге Кудай кандай боорукердик кылганы тууралуу кеп болуп жатпайбы. Анда эмне үчүн Пабыл оюнунун нугун капысынан башка жакка буруп, ырайым аркылуу куткарылганыбызды да кошо айтып жатат?
Менин оюмча, Пабыл сөзүнүн ушул жеринде ырайымдын бекер берилгендигин баса белгилөө үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк бар экендигин түшүнгөн. Ал биздин өлгөн абалыбызды сүрөттөп жатып, өлгөн адамдар Кудайдын эч кандай шартын аткара албай тургандыгын түшүнгөн. Эгерде өлүк адамдарга өмүр бериш керек болсо, анда аларды куткаруу үчүн, Кудай таптакыр шартсыз жана толугу менен бекер иш-аракет жасашы керек эле. Ырайымдын маңызы анын бекердигинде. Кудайдын ар бир адамды тирилтүүсүнөн өткөн бекер, Кудай Өзү гана ишке ашырган, адамдын катышуусун талап кылбаган иш жок! Ырайым деген мына ушуну билдирет.
«Келечектеги ырайым» аттуу насаат сөздөн үзүндү 79-бет.