14-январь: Жүрөктүн терезеси

Jakshy Kabar Media

14-январь: Жүрөктүн терезеси

Жон Пайперден насаат сөз

«Алдан тайып, кайратыңардан жазбашыңар үчүн, күнөөкөрлөрдөн ушундай кордук көргөн Ыйса жөнүндө ойлогула».

Эврейлер 12:3

Адамдын акылынын эң сонун жөндөмдүүлүктөрүнүн бири – бул өзүнүн көңүлүн өзү тандаган нерсеге буруу. Биз бир азга токтоп, акыл-эсибизге: «Ал жөнүндө эмес, бул жөнүндө ойлон», – деп айта алабыз. Көңүлүбүздү кандайдыр бир идеяга же сүрөткө же көйгөйгө же үмүткө бура алабыз.

Бул чын эле таң калыштуу күч. Бул жөндөмдүк жаныбарларда бар экендиги күмөндүү. Алар өзүнүн бар экендиги тууралуу ойлоно билүү жөндөмдүгүнө ээ болбосо керек, тескерисинче, түрткүгө жана туюмуна жетеленип жашашса керек.

Күнөөгө каршы күрөшүүдө курал-жарагыңыздын арасынан ушул улуу куралыңызды колдонууну унутуп койгон жок белеңиз? Ыйык Китеп бизди ушул кереметтүү белекти колдонууга кайра кайра чакырат. Келиңиз, ушул белекти текчеден алып, чаңын сүртүп, колдоно баштайлы.

Мисалы, Пабыл Римдиктер 8:5-6-аяттарда мындай дейт: «Анткени күнөөкөр табияттын каалоосу боюнча жашагандар күнөөкөр табияттын каалоосу жөнүндө, ал эми Рухтун каалоосу боюнча жашагандар Рухтун каалоосу жөнүндө ойлошот. Күнөөкөр табияттын каалоосу жөнүндө ойлоо өлүмгө дуушар кылат, Рухтун каалоосу жөнүндө ойлоо өмүр жана тынчтык берет».

Бул өтө таң калыштуу. Оюңузду эмнеге бурганыңызга карап, же өмүргө же өлүмгө ээ болосуз.

Көпчүлүгүбүз өзгөрүүлөргө, толуктукка жана тынчтыкка умтулууда жигердүүлүктү жоготуп коёбуз. Менин оюмча, биз азыркы (акылды) дарылоо доорунда жөн гана «көйгөйлөрүбүздү талкуулоо» же «көйгөйлөрүбүздү чечүү» же «үй-бүлөбүздөн алган жарааттарыбыздын тамырын изилдөө» сыяктуу эч кандай иш-аракеттерге түрткү бербеген ой жүгүртүүлөргө байланып калдык.

Бирок Жаңы Келишим бизди өзгөрүүгө алда канча жигердүү аракет кылууга чакырат. Тактап айтканда, оюбузду бир нерсеге багытташыбыз керектигин айтат. «Жердеги жөнүндө эмес, асмандагы жөнүндө ойлогула» (Колостуктар 3:2).

Биздин сезимдерибиз көбүнчө биз эмне жөнүндө көп ойлонгонубуз – акыл-эсибизде эмне менен жашап жатканыбыз аркылуу башкарылат. Мисалы, Ыйса тынчсыздануу сезимин төмөндөгү ойлор менен жеңүү керектигин айткан: «Каргаларды карагылачы…. Лилия гүлдөрүнүн кандай өсүп турганын карагылачы» (Лука 12:24, 27).

Акыл – жүрөктүн терезеси. Эгер биз акылыбызды тынымсыз караңгы ойлор менен толтура берсек, анда жүрөгүбүз да караңгылыка толот. Тескерисинче, акылыбыздын терезесин жарыкка ачсак, анда жүрөгүбүз да жарыка толот.

Эң маанилүүсү, биздин акыл-эсибиздин көңүл буруу жана ойлонуу жөндөмү Ыйса жөнүндө ойлонушубуз үчүн берилген (Эврейлер 12:3). Ошондуктан, келиңиз, төмөндөгү осуятты аткаралы: «Алдан тайып, кайратыңардан жазбашыңар үчүн, күнөөкөрлөрдөн ушундай кордук көргөн Ыйса жөнүндө ойлонгула».

«Өзгөрүүнүн укмуштуудай (балким, колдонулбай калган) каражаты» аттуу насаат сөздөн үзүндү.