13-январь: Жаратуучу күчү бар буйрук

Jakshy Kabar Media

13-январь: Жаратуучу күчү бар буйрук

Жон Пайперден насаат сөз

«Ачыкка чыккан нерсенин баары – жарык. Ошондуктан Ыйык Жазууда: “Уктап жаткан өлүк адам, ойгон, тирил, Машаяк сени жарык кылат”, – деп айтылган».

Эфестиктер 5:14

Ыйса Лазарга өлгөндөрдөн тирилүүнү буйруганда, Лазар ал буйрукка кандайча баш ийди? Жакан 11:43-аятта мындай деп айтылат: «Ал (Ыйса) бийик үн менен: «Лазар, чык!» – деди». Бул өлүк адамга айтылган буйрук болчу. Андан кийинки аятта мындайча жазылат: «Ошондо колу-буту кепинделген Лазар мүрзөдөн чыгып келди. Анын бети-башы да оролуу эле» (Жакан 11:44).

Лазар муну кантип аткарды? Өлүк адам кантип кайра тирилүү буйругуна баш ийди? Мунун жообу төмөнкүдөй көрүнөт: Буйрук жаңы жашоону жаратуучу күчкө ээ. Буйрукка баш ийүү – тирүү адамдар эмне кылса, ошону кылуу.

Бул абдан маанилүү нерсе. Кудайдын «Өлгөндөрдүн арасынан тирил!» деген буйругу биз баш ийишибиз үчүн керек болгон күчкө ээ. Биз бул буйрукка баш ийүү үчүн, ичибизде жашоону өзүбүз жаратпайбыз, тирүү адамдар эмне кылса, ошону кылабыз. Лазар ордунан туруп, алдыга чыгып, Ыйсаны көздөй жөнөдү. Кудайдын чакыруусу өмүр берет. Биз чакырык берген күчтүн жардамы менен ага жооп беребиз.

Эфестиктер 5:14-аятта Пабыл мындай дейт: «Уктап жаткан өлүк адам, ойгон, тирил, Машаяк сени жарык кылат». Уйкудан ойгонуу буйругуна сиз кантип баш ийесиз? Үйүңүз истүү газга толуп калды дейли, анан бирөө сизге: «Ойгон! Өзүңдү куткар! Эшикке чык!» – деп кыйкырса, сиз бул буйруктарды өзүңүздү ойготуу аркылуу аткарбайсыз, тескерисинче, катуу үн жана бийлик менен айтылган буйруктун өзү сизди ойготот. Ойгоо жүргөн адамдар коркунучка туш болгондо эмне кылса, сиз да ошону кылып, буйрукка баш ийесиз: ордуңуздан туруп, үйдөн чыгасыз. Чакырык сизди ойготот. Сиз ошол чакырык берген күчтүн жардамы менен ойгонуп, буйрукка жооп бересиз.

Ыйык Китепте жаңыдан төрөлүү жөнүндө акылга сыйбаган нерселер эмне үчүн айтылганынын түшүндүрмөсү ушул деп эсептейм. Тактап айтканда, биз өзүбүз жаңы жүрөктөргө ээ болушубуз керектиги айтылат, бирок жаңы жүрөктү Кудай жаратат. Муну төмөнкү аяттардан көрсөк болот:

«Ошондуктан жүрөгүңөрдү сүннөткө отургузгула, мындан ары тоң моюн болбогула» (Мыйзамды кайталоо 10:16).
«Кудай-Теңириң сенин жүрөгүңдү өзгөртөт» (Мыйзамды кайталоо 30:6).
«Өзүңөргө жаңы жүрөк жана жаңы рух жараткыла» (Жезекиел 18:31).
«Силерге жаңы жүрөк берем, ичиңерге жаңы рух салам» (Жезекиел 36:26).
«Жогорудан төрөлүшүң керек» (Жакан 3:7).
«Ал [Кудай] чоң ырайым кылып… бизге жаңы өмүр берди, » (1 Петир 1:3; КИ котормосу).

Кайрадан төрөлүү буйругуна баш ийүү үчүн, оболу Кудайдын өмүр белегин жана демин алышыбыз керек, андан соң тирүү жана деми бар адамдар эмне кылса, ошону кылышыбыз керек: Кудайга ишеним, ыраазычылык жана сүйүү менен жалынып кайрылышыбыз керек.

Кудайдын буйругу Ыйык Рухтун жаратуучу жана өзгөртүүчү күчү аркылуу бизге өмүр берет. Биз болсо ишеним жана кубаныч менен ага баш ийебиз.

«Жаңыдан төрөлүү буйругуна сиз кандай баш ийесиз?» аттуу насаат сөзүнөн үзүндү.