12-январь: Тажрыйбанын ачкычы

Jakshy Kabar Media

12-январь: Тажрыйбанын ачкычы

Жон Пайперден насаат сөз

«Ар дайым бардык нерсеңер жетиштүү болуп, жакшы иштерге бай болушуңар үчүн, силерди ар кандай жакшы нерселерге байытууга Кудайдын кудурети жетет».

2 Корунттуктар 9:8

Биз Кудайдын келечектеги ырайымына ишенүү – бул Анын берешендигин тажрыйбалоонун ачкычы экенин билебиз, анткени Пабыл 2 Корунттуктарда жазылган укмуштуудай убаданы эсибизге салат: «Ар дайым бардык нерсеңер жетиштүү болуп, жакшы иштерге бай болушуңар үчүн, силерди ар кандай жакшы нерселерге байытууга Кудайдын кудурети жетет» (2 Корунттуктар 9:8).

Башкача айтканда, эгерде сиз акчаңызды коопсуз жерге сактоо муктаждыгынан, андан кабатырлануудан арылгыңыз келсе же бардык жакшы иштерди жасоо үчүн ырайымга толуп турууну кааласаңыз, анда ишенимиңизди келечектеги ырайымга артыңыз. Дал ушул максатты бекем карманып, келечектеги ар бир көз ирмемде «cилерди ар кандай жакшы нерселерге байытууга Кудайдын кудурети жетет» деген убадага ишениңиз.

Мен келечектеги ырайымга болгон ишенимди Кудайдын берешендигин «тажрыйбалоонун ачкычы» деп атап койдум. Бирок ошону менен бирге тарыхый ачкыч бар экенин да эстен чыгарган жокмун. Ошентип, тажрыйбанын ачкычы жана тарыхый ачкыч бар. Пабыл Корунттуктар кабыл алган ырайым жөнүндө кеп кылып жатканда, аларга ырайымдын тарыхый ачкычын (өткөн чактагы ырайымды) эстетет: «Теңирибиз Ыйса Машаяктын ырайымы силерге белгилүү, Ал Өзү бай болуп туруп, силер үчүн жардыланды. Силер Анын жардылыгы аркылуу бай болушуңар үчүн ошентти» (2 Корунттуктар 8:9).

Бул тарыхый ырайымдын иши болбосо, Машаякты даңазалаган Кудайдын берешендигинин эшиги жабык бойдон калмак. Ошол өткөн чакка таандык болгон ырайым сүйүүнүн абдан зарыл ачкычы болуп саналат.

Бирок бул аятта сөз болгон өткөн чактагы ырайым кандайча иштээрине көңүл буруңуз. Бул ырайым келечектеги ырайымдын пайдубалы болуп калды («биз Анын жардылыгы аркылуу бай болушубуз үчүн (келечектеги ырайым), Машаяк жардыланды (өткөн чактагы ырайым)»). Ошентип, биздин берешендигибиздин тарыхый ачкычы келечектеги ырайымга болгон ишенимдин тажрыйбалык ачкычына пайдубал болуп калат.

Ошентип, сүйүүнү жана берешендикти тажрыйбалоонун жолу төмөнкүдөй: келечектеги ырайымга ишенимиңизди бекем артыңыз, тактап айтканда, сиздин муктаждыктарыңыз канааттандырылышы үчүн жана берешендиктин сүйүүсүнө толуп ташышыңыз үчүн, «(келечекте) силерди ар кандай жакшы нерселерге байытууга (б.а. келечектеги ырайымга толтурууга) Кудайдын кудурети жетет» деген убадага бекем ишениңиз.

Ач көздүктөн бошонуу Кудайдын келечектеги ырайымына терең канаатанган ишенимден келип чыгат.

«Келечектеги ырайым» аттуу китептен алынган үзүндү, 70-бет.