11-январь: Кудайды жана Чындыкты жан-дилибиз менен сүйүү

Jakshy Kabar Media

11-январь: Кудайды жана Чындыкты жан-дилибиз менен сүйүү

Жон Пайперден насаат сөз

«Эгерде алардын кээ бирөөлөрү ишенимсиз болушса, эмне экен? Алардын ишенимсиздиги Кудайдын ишенимдүүлүгүн жокко чыгарабы? Албетте, жок! Ыйык Жазууда: «Сенин Сөздөрүң адилет, соттошкондо Сен жеңесиң», – деп жазылгандай, Кудай ишенимдүү, ал эми ар бир адам калпычы».

Римдиктер 3:3-4

Биздин чындык жөнүндө ойлонгонубуз Кудайдын Өзү жөнүндө ойлонгонубуздун ачык далили болуп саналат. Эгерде Кудай бар болсо, анда Ал бардык нерсени таразалаган Кудай болуп саналат. Андыктан Анын ар бир нерсе жөнүндө болгон ой жүгүртүүсү биздин ой жүгүртүүбүз кандай болушун аныкташы керек.

Чындык жөнүндө ойлонбоо Кудайдын Өзү жөнүндө ойлонбоого барабар. Кудайды жан-дилибиз менен сүйүү чындыкты жан-дилибиз менен сүйүүнү билдирет. Жашообузда Кудай борбордук орунду ээлесе, кызматыбызды да чындыкка ылайык кылабыз. Чындык болбогондордун баары Кудайдан эмес.

Кудай жана чындык жөнүндөгү төмөндөгү төрт топтогу аяттар жөнүндө ой жүгүртүңүз:

1) Кудай – бул Чындык.

Римдиктер 3:3-4 (Кудай Ата): «Эгерде алардын кээ бирөөлөрү ишенимсиз болушса, эмне экен? Алардын ишенимсиздиги Кудайдын ишенимдүүлүгүн жокко чыгарабы? Албетте, жок!.. Кудай ишенимдүү, ал эми ар бир адам калпычы».

Жакан 14:6 (Кудай Уул): Ыйса ага: «Жол, чындык жана өмүр Менмин. Атама Мен аркылуу гана барууга болот, Менсиз эч ким бара албайт.

Жакан 15:26: (Кудай Ыйык Рух): «Мен силерге Сооротуучуну жиберем. Атамдан чыгып келе турган Ал чындык Руху келгенде, силерге Мен жөнүндө күбөлөндүрөт».

2) Чындыкты сүйбөө адамды түбөлүккө кыйратат.

2 Тесалоникалыктар 2:10: Мыйзамсыздар «куткара турган чындыкты сүйбөгөндүктөрү үчүн» өлүмгө дуушар болушат.

3) Машаякчылык жашоо чындыкты таанып билүүгө негизделген.

1 Корунттуктар 6:15-16: «Же эмне, денеңер Машаяктын дене мүчөлөрү экенин билбейсиңерби? Машаяктын дене мүчөсүн сойку аялдын мүчөсү кылмак белем? Албетте, жок! Же эмне, сойку аял менен кошулган адам аны менен биригип, бир дене болорун билбейсиңерби?»

4) Машаяктын Денеси чындыкты сүйүү менен айтуу аркылуу курулат.

Колостуктар 1:28: «Ар бир адамга акыл айтып, ар бир адамды акылмандык менен үйрөтүп, ар бир адамды Машаяк аркылуу Кудай алдына жеткилең кылып алып келүү үчүн, Машаяк жөнүндө жар салып жатабыз».

Кудай бизди Өзүн жана чындыкты жан-дилибиз менен сүйгөнгө жөндөмдүү кылсын.

«Эмне үчүн чындыкка жараша иш кылуу ушунчалык маанилүү?» аттуу насааттан үзүндү.