10-январь: Ишенүүчүлөр кандайча соттолот?

Jakshy Kabar Media

10-январь: Ишенүүчүлөр кандайча соттолот?

Жон Пайперден насаат сөз

«Ошондо мен тактынын алдында турган өлгөндөрдү – чоңдорду да, кичинелерди да көрдүм. Китептер ачылды. Дагы бир китеп ачылды, ал өмүр китеби эле. Өлгөн адамдар китептерде жазылган өздөрүнүн иштерине жараша соттолушту».

Аян 20:12

Акыркы сотто кандай болот? Кудай биздин күнөөлөрүбүздү эстейби? Алар ачыкка чыгарылабы? Антони Хукема бул тууралуу мындай дейт: «Ишенүүчүлөрдүн… оңунан чыкпаган иштери жана кемчиликтери да… Сот Күнүндө каралат. Бирок – ушул ой абдан маанилүү – ишенүүчүлөрдүн күнөөлөрү жана кемчиликтери сотто кечирилген деп эсептелет, себеби ишенүүчүлөрдүн айыбы Ыйса Машаяктын каны менен толук жуулган болот».

Муну мындайча элестетиңиз. Кудайдын колунда ар бир адамдын «иш китеби» бар (Аян 20:12). Өмүрүңүздө оозуңуздан чыккан ар бир сөзүңүз жана жасаган ар бир ишиңиз (Матай 12:36) ошол китепте жазылып, (“2”ден “5”ке чейинки) баалары коюлган. Сиз денеде жашап жүргөндө кылган жаман же жакшы иштериңизге жараша тиешеңизди алуу үчүн «Машаяктын сот тактысынын алдына» келгениңизде (2 Корунттуктар 5:10), Машаяк сиздин иш китебиңизди ачып, сиз тапшырган сынактардын бааларын көрсөтөт. Анан Ал сиз алган “2” деген баалардын баарын бир жакка бөлөт. Анан калган “3” жана “4” деген баа алган сынактарыңыздын арасынан жакшы баага татыган жерлерин “5” деген баага татыгандарга кошот. Ал эми жаман баага татыган жерлерин берки “2” деген баага татыгандарга кошот.

Анан Ал дагы бир китепти («өмүр китебин») ачып, ал жерден сиздин атыңызды табат, себеби сиз ишеним аркылуу Машаякка таандык болуп калдыңыз. Сиздин атыңыз жазылган жерде бир тал ширеңке бар болот. Кудай аны алып, күйгүзүп, сиздин алсыздыктарыңызды жана кемчиликтериңизди билдирген “2” деген баалардын баарын өрттөйт. Алардын айынан сиз айыпка да жыгылбайсыз, сыйлык да албайсыз.

Андан соң Машаяк сиздин атыңыз жазылган «өмүр китебинин» бетинде «ырайымдын негизинде бекер берилген сыйлык: өмүр!» деп жазылган мөөрлөнгөн конвертти алып “5” деген бааларыңызга кошот (Марк 4:24 жана Лука 6:38). Анан Ал анын баарын колуна алып, мындай деп жарыялайт: «Бул сенин жашооңдогу менин Атамдын ырайымынын, Менин канымдын баасынын жана Ыйык Рухтун жемишинин күбөлөндүрүүсү. Бул сенин жашооң түбөлүк экенин күбөлөндүрөт. Ушуга ылайык, сен сыйлыктарды аласың. Кожоюнуңдун түбөлүк кубанычына ортоктош бол».

«Сот күнүндө кандай болот?» насааттан үзүндү.