9-январь: Дагы бир аз убакыт гана чыдоо керек

Jakshy Kabar Media

9-январь: Дагы бир аз убакыт гана чыдоо керек

Жон Пайперден насаат сөз

«Ал эми бардык ырайымдын булагы болгон Кудай бир аз убакыт азап чеккениңерден кийин силерди кайрадан жеткилең, күчтүү, бекем жана олку-солку болбос кылат. Себеби Ал силерди Машаяк Ыйса аркылуу Өзүнүн түбөлүк даңкын бөлүшүүгө чакырган».

1 Петир 5:10; КИ котормосу

Кээде биз тартып жаткан азаптарыбызга жана күнүмдүк турмуштагы кыйынчылыктарга чыдай албай, Кудайга: «Буга дагы канча чыдаш керек, Теңир? Ушундай азаптуу күн такыр бүтпөчүдөй. Эртеңки күндө эмне болот? Сен ошондо да кыйынчылыктарда мага жөлөк-таяк болосуңбу?» – деп боздоп, кайрылышыбыз мүмкүн.

Бул абдан оорчундуу суроо, себеби Ыйса: «Менин ысымым үчүн бардыгына жек көрүндү болосуңар. Ал эми акырына чейин чыдаган адам куткарылат», – дейт эмеспи (Марк 13:13). Биз «жок болуу үчүн артка кетенчиктегендерден» болуп калбасак экен деп коркобуз (Эврейлер 10:39). Биз оюн ойноп жаткан жокпуз. Чеккен азаптарыбыз Кудайдын келечектеги ырайымына болгон ишенимибизге чоң коркунуч туудурарын билебиз.

Ошондуктан Петирдин азап чеккен жана чарчап-чалыккан машаякчыларга эстеткен убадасына кулак салсак, абдан жакшы иш кылган болобуз: «Ал эми бардык ырайымдын булагы болгон Кудай бир аз убакыт азап чеккениңерден кийин силерди кайрадан жеткилең, күчтүү, бекем жана олку-солку болбос кылат. Себеби Ал силерди Машаяк Ыйса аркылуу Өзүнүн түбөлүк даңкын бөлүшүүгө чакырган» (1 Петир 5:10).

Кудай биз азаптарга чыдай албай калганга чейин кечигип жүрө берберине, бизди кайгыга салган алсыздыктарыбыздын (кемчиликтерибиздин) баарын жок кыларына жана көптөн бери олку-солку болуп келген нерселерди түбөлүккө бекем кыларына болгон бекем ишеним «бардык ырайымдын булагы» болгон Кудайдан келет.

Кудай бизге буга чейин берилген ырайым сыяктуу анча-мынча ырайымдын Кудайы эмес, «бардык ырайымдын булагы болгон Кудай». Мындай ырайым – чексиз, келечек үчүн мол камдалып коюлган түгөнгүс ырайым. Биз аягына чейин чыдашыбыз үчүн ушундай ырайымга муктажбыз.

Келечектеги ырайымга болгон ишенимибиз буга чейин берилген эстен кеткис ырайымдын тажрыйбасынан келип чыгат. Ушундай ишеним өмүргө алып барган тар жана таштак жолду аягына чыгышыбыз үчүн эң керек болгон нерсе.

«Келечектеги ырайым» аттуу китептен үзүндү, 68-бет.