8-январь: Жоготууга мүмкүн эмес болгон нерсеге ээ болуңуз!

Jakshy Kabar Media

8-январь: Жоготууга мүмкүн эмес болгон нерсеге ээ болуңуз!

Жон Пайперден насаат сөз

«Ыйса аларды карап: “Адамдар муну кыла алышпайт, бирок Кудай кыла алат. Анткени Кудай бардыгын кыла алат”, – деди».

Марк 10:27

Бул аятта Ыйса бизди дүйнө кезип кызмат кылганга жана алдыңкы катардагы жакшы кабар таратуучу болгонго же ушундай адамдарды колдогонго шыктандыруу үчүн эки чындыкты айтат.

  1. Адам үчүн мүмкүн болбогон бардык нерселер Кудай үчүн мүмкүн (Марк 10:27). Жүрөгү катууланып калган күнөөкөрлөрдү Кудай Өзү эң жогорку планына ылайык тобо кылдырат. Биз өзүбүздүн алсыздыгыбыздан коркпошубуз же ага кабатырланбашыбыз керек. Согуш Теңирдики, андыктан Ал бизге жеңиш берет.
  2. Машаяк биз үчүн иштөөнү жана бизге ушунчалык көп колдоо көрсөтүүнү убада кылат, андыктан жакшы кабар таратуучулук кызматыбыз аягына чыкканда, биз өмүр бою эмнелерди курман кылган болсок, ошолордун баарынын орду толтурулганын көрөбүз (Марк 10:29-30).

Эгерде биз Машаяк айткандай кызмат кылсак, ишибиз оңунан чыкпаган оор жагдайлар да бизге пайдалуу болгонун көрөбүз. Биздин рухий ден-соолугубуз жана кубанычыбыз жүз эсе жакшырганына күбө болобуз. Ал эми көз жумганыбызда, өлбөй, түбөлүк өмүрдү утуп алабыз.

Мен муну менен сиз эр жүрөктүктү таштап, Машаяк үчүн эч нерсени курман кылбай эле коюшуңуз керек деген ойду айткым келбейт. Колуңузда болгон нерсенин баарынан баш тартып, эң терең эңсөөлөрүңүздү канааттандырган өмүргө ээ болгонго чакыргым келет. Падышалардын Падышасына кызмат кылуу артыкчылыгына ээ болуу үчүн, башка бардык нерсени керексиз таштандыдай көргөнгө чакыргым келет. Дүкөндөн сатып алган тамтыгы чыккан кийимдериңизди чечип, Кудайдын элчилеринин кийимдерин кийгенге чакыргым келет.

Куугунтуктар жана кыйынчылыктар болбой койбойт, бирок кубаныч эсиңизде болсун! «Чындык үчүн куугунтукталгандар бактылуу, анткени Асман Падышачылыгы алардыкы» (Матай 5:10).

1956-жылдын 8-январында Жим Элиот менен анын башка төрт кызматташы алтымыш кишиден турган индеецтердин Уорани деген уруусуна жакшы кабар таратканы барышканда, индеецтер аларды өлтүрүп салышкан.

Алардын аркасында төрт аялы жесир жана тогуз баласы атасыз калган. Элизабет Элиот жазгандай, дүйнө муну үрөйдү учурган кайгылуу окуя деп эсептеген. Бирок анын айтышынча, дүйнө Жим Элиоттун жеке ураанында камтылган чындыкты түшүнгөн эмес: «Жоголгус нерсеге ээ болуу үчүн, жогото алган нерсесинен айрылганга даяр болгон адам – акылдуу адам».

«Кудайды эңсөө» аттуу китептен үзүндү, 250-251-беттер.