Жон Пайперден насаат сөз
«Кудайдын Падышачылыгына көптөгөн кыйынчылыктар аркылуу киришибиз керек».
Элчилердин иштери 14:22
Бизде жан-дүйнөбүзгө дем берген күчкө болгон муктаждык күнүмдүк тынчыздануулардын айынан чарчаганыбызда эле эмес, кез-кезде башыбызга түшкөн азап-кайгыларга туш болгонубузда да пайда болот. Мындай азап-кайгылар болбой койбойт.
Асманга бара жаткан жолубузда кыйынчылыктарга дуушар болгонубузда, чарчап чаалыккан жүрөгүбүз ого бетер алсырайт. Азап чеккенибизде, олку-солку болуп, өзүбүздү өмүргө алып барган тар жолдун аягына чыга албачудай сезишибиз мүмкүн. Жолдун тар жана тик асканын капталында болушунун өзү эле араң жүргөн унаа үчүн чоң сыноо болушу мүмкүн. Бирок унаа өзү бузулуп калса эмне кылабыз?
Пабыл жашоосунда кандайдыр бир азапка кабылганда, Кудайга үч жолу жалынып жалбарып, ушундай суроо берген. Бирок Кудай ал күткөн ырайымды башкача жол менен берген. Машаяк ага: «Менин сага болгон ырайымым жетиштүү. Анткени Менин күчүм алсыздыкта жеткилең болот», – деп жооп берген (2 Корунттуктар 12:9).
Бул аятта Машаяк Пабылга такыр жеңилдебеген азапка туруштук бергенге күч берүү аркылуу Өз ырайымын көрсөткөнүн, мындайча айтканда, анын сураган ырайымын бербей, башка ырайым бергенин байкайбыз. Ошондо келечектеги ырайымдан жетиштүү жардам алган Пабылдын ишеними бекемделген: «Ошондуктан Машаяктын күчү менден орун алат деп, өзүмдүн алсыздыгым менен артыгыраак мактанам» (2 Корунттуктар 12:9).
Кудай биз сураган ырайымды бербей, башка ырайым берген учурлар көп болот.
Мисалы, июль айынын аптаптуу бир күнүндө Тенесси штатынын чоң жолунда шаарлардан 30 чакырымдай алыс болгон талаада кетип бара жатканыбызда унаабыздын кыймылдаткычын муздатып турган суу соргучу бузулуп калды.
Ошол күнү эртең менен жолго чыгып жатып, унаабыз бузулбай, бара турган жерибизге аман-эсен жетип алалы деп сыйынган элем. Бирок унаабыз орто жолдо жүрбөй калды. Ошентип, жолдо эч кандай көйгөй жаралбасын деп сураган ырайым берилбей калды. Сыртка чыгып турсак, өтүп бара жаткандардын эч кимиси токтободу. Анан менин 11 жашка чыгып калган уулум Ыбрайым: «Ата, келиңиз сыйынабыз», – деп калды. Унаабыздын арт жагына өтүп, башыбызды ийип, Кудайдан кыйынчылык учурунда тез жардам берип, келечектеги кандайдыр бир ырайымын жиберишин сурандык. Сыйынып бүткөндөн кийин, башыбызды өйдө көтөрсөк, бир жол тандабас өтүп баратып токтоду.
Унаанын айдоочусу 30 чакырымдай алыстагы шаарчада унаа оңдоп иштейт экен. Анан ал шаарга барып, керектүү тетиктерди алып келип, унаабызды оңдоп бере аларын айтты. Мен аны менен чогуу жөнөдүм жана бара жаткан жолдо Жакшы Кабар айтып бердим. Ошентип, беш саатка жакын убакыт өткөндөн кийин, унаабыз оңдолуп, кайра жолубузду уладык.
Ошондо биздин сыйынуубузга жооп катары биз сураган ырайым берилбеген жагдайда башка ырайымдын берилгендиги укмуш болду. Биз жолдо эч кандай көйгөй жаралбасын деп сыйынган элек, бирок Кудай тескерисинче көйгөй жаратып койду. Бирок Анын ырайымынан куру калган жагдайда, башка ырайым келди. Мен ошол жагдайда мен үчүн, ишенбеген унаа оңдоочу үчүн жана менден үлгү алып ишеними эми өсүп келе жаткан 11 жаштагы уулум үчүн эң жакшы болгон ырайым берген Кудайдын акылмандыгына таянганды үйрөнүп жатам.
Биз азап-кайгыдан сакта деп суранганда, Кудай сыйынуубузга жооп бербей, ошол жагдайларда башка укмуштуу ырайым берсе, буга таң калбай эле койсок болот. Бизге жакшы болушу жана Өзүнүн аты даңкталышы үчүн кандай ырайым көрсөтүштү Ал эң жакшы билет.
«Келечектеги ырайым» аттуу китептен үзүндү, 66-67-беттер.